Бишкектеги «Дыйкан» базары 24-майда жабылат

Бишкектин мэриясы «Дыйкан» базары 2017-жылдын 24-майынан тартып жабылаарын кабарлады. Ленин районунун администрациясы мэриянын чечимин соодагерлерге жана базардын жетекчилерине жеткирди.

Жашылча-жемиш сатуучу «Дыйкан» базары 2017-жылдын 24-майында жабылаарын Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирүүдө.

Базардын иши 11-апрелдеги мэриянын токтомуна ылайык токтотулат.

Ленин районунун администрациясы базарды жетекчилигине жана андагы соодагерлерге базар жабылаарын кабарлады.

Базардын жабылышынын негизги себеби — анын мунай базасына жакын жайгашып, элдин коопсуздугуна коркунуч келтиргенинде.

«Базардан чыга турган кошумча жол жок, андыктан кайсы гана чукул кырдаал болбосун каргаша менен бүтүшү ыктымал», — дейт мэрия.

Ал тургай Мамэкотехинспекция мунай базасына жүз метрден жакын жайгашууга тыюу салат.

Эми шаардыктар айыл чарба өндүрүмдөрүн «Дордой-Дыйкан» жана «Сары-Өзөн Дыйкан» базарларынан ала алышат.

Бишкектин жетекчилиги бул базарды 2017-жылдын 11-апрелинде эле жапмакчы болгон. Базардын соодагерлери аны жаптырбаш үчүн бир нече жолу, анын ичинде Президенттик Администрациянын алдына да  митингге чыгышкан.

Соодагерлердин айтымында, базар боюнча талаш бир жылдан ашуун убакыттан бери созулуп келатат. Алар жападан-жалгыз муниципалдык базардан жеке менчик базарларга сүрүлүп жатышканына нааразы.


ТЕМА БОЮНЧА: