Депутат Дастан Бекешев ЖМКлар менен соттошот

Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев бир нече басылманын журналисттерин ар-намысына шек келтирген макалалары үчүн сотко бергени жатат.

Бекешев блогер жана интернет-портал менен соттошоорун айтты, бирок аларды атаган жок.

Анын айтымында, доо арыздардын себеби — Кыргызстандын Азиздер жана дүлөйлөр коомундагы чатак тууралуу ЖМКдагы жалган маалыматтар.

«Ачыктан ачык калп маалымат тарап жатканынан чарчадым. Мен сөз эркиндигин сыйлайм, бирок эмнеси болсо да журналисттер маалыматты текшериши керек. […] Мен макалалардын конкреттүү тематикасын айтпайм, бирок эгерде редакция кечирим сураса доо арызымды кайра чакыртып алганга даярмын», — деди ал.

Доо арыздардын жалпы суммасы беш миллион сомду түздү.

Акы Ормуковго каршы кылмыш иши

Февралдын башында акын Темирлан Ормуковго каршы Бекешевдин арызына байланыштуу кылмыш иши козголгон. Парламент өкүлү акынды жалган маалымат таратты деп күнөөлөгөн.

Ормуков Бекешев Азиздер жана дүлөйлөр коомундагы коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин «Фэйсбуктагы» аккаунтунда бир нече жолу жазган.

Акын Бекешевди оң рулдуу автоунааларды саткан ишкерлердин кызыкчылыгын парламентте коргош үчүн алардан ири суммадагы акча алган деп айыптаган.

Укук коргоо органдары Ормуковдун жазганын текшерип, бирок Бекешевдин коррупцияга аралашкан фактыларын таппай коюшкан.

Ошондон кийин милиция Ормуковдун өзүнө каршы жалган билдирүү үчүн кылмыш ишин козгогон.

Бекешев өзү Ормуковду «алдамчы» деп эсептейт жана ал Азиздер менен дүлөйлөр коомунун мүчөсү болбой туруп мамлекеттен мыйзамсыз батир алганын айтат.

«Ормуков болгону аныкталган алдамчылардын бири болуп чыкты. Ошондон кийин ал мага каршы көрүнгө жерге жазып, митинг уюштура баштады. Мындай кишилерди жазалаш керек», — деген депутат.

Темирлан Ормуков «Фэйсбукта» президент Алмазбек Атамбаев тууралуу бир катар ырларды жазып чыккандан кийин белгилүү болгон.

2016-жылдын декабрынын башында ал ырлары Башкы прокуратурага суракка чакырылган.

Ормуковдун айтымында, прокуратура кызматкерлери анын ырларында аймак аралык кастыкты козгогон жана өлкө президентинин ар-намысына шек келтирген элементтер бар экенин билдиришкен. Бирок анын ырлары кылмыш ишин козгоого себеп болгон эмес.


ТЕМА БОЮНЧА: