Каракол шаардык кеңешинде КСДП чыгып кеткендиктен көпчүлүк коалиция таркады

Президентчил КСДП Каракол шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалициядан бирикмедеги «Табылганын» депутаттары менен пикири келишпегендиктен улам чыгып кетти. КСДП «Өнүгүү-Прогресс» жана «Кыргызстан» партиялары менен жаңы бирикме түзгүсү келет.

КСДПнын депутаттары өздөрүнүн бирикмеден чыгып кетишин «Табылга» партиясынын депутаттары менен облустук борбордун инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча пикир келишпестиги менен түшүндүрүштү.

«Табылганын» депутаты Азамат Айтбаев Kloop.kg менен болгон маекте КСДПнын коалициядан чыгышы быйыл күзүндө өтө турган президенттик шайлоо менен байланыштуу болушу мүмкүн экенин айтты.

«Менимче КСДПнын кетиши алдыдагы шайлоо менен байланыштуу, бир нерсе даярдалып жатат. Бирок баары тынч болуп, баары шаар үчүн интригасы жок иштешсе жакшы болот эле. Балким жогору жактан буйрук барбы, ким билет?», — деди Айтбаев.

Шаардык кеңештин депутаттары 23-майдагы кезексиз сессияда жаңы коалиция түзгөнү жатышат. КСДП «Өнүгүү-Прогресс» жана «Кыргызстан» фракциялары менен бирикме түзүүнү көздөп жатат.

Жалпысынан Каракол шаардык кеңешинде 31 мандат бар. Мандаттар беш партиянын — «Табылганын», КСДПнын, «Өнүгүү-Прогресстин», «Кыргызстандин» жана «Республика — Ата-Журттун» ортосунда бөлүштүрүлгөн.

Мурда КСДП Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалициядан да чыгып, жаңы бирикме түзгөн. Бирок көп өтпөй депутаттар кеңештин тараганын жарыялашып, Боршайком мөөнөтүнөн мурда шайлоону 28-майга дайындаган.


ТЕМА БОЮНЧА: