«Нарын» рестораны бузулуп, ордуна кеңсе имараты курулат

Бишкекте Фрунзе жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде турган мурдагы «Нарын» ресторанынын имараты бузулат. Анын ордуна кеңсе-мейманкана комплекси курулат.

Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков «Нарын» ресторанынын ээн калган имараты талкаланаарын айтты.

«Өспүрүмдөр “Нарын” ресторанынын чатырына чыгып, жаракат алышы мүмкүн болгондуктан биз бул жер имарат бузулганга чейин курчоого алынсын деп талап кылдык. […] Бузуу качан башталаары белгисиз, баары “Бишкекбашкыархитектуранын” уруксатына жараша болот», — деди Болотбеков.

Свердлов райондук акимиатындагылар Kloop.kgге имаратты жеке инвесторлор буза тургандыгын, алар анын ордуна жаңы кеңсе-мейманкана комплексин курушаарын айтышты.

Бузуу иштери үчүн бардык зарыл документтер даярдалып жатат, жакында алар мэрияга жана «Бишкекбашкыархитектурага» өткөрүлөт.

Эмитен эле имараттын тышынан тосмолор коюлууда.

Мэрия өкүлдөрү Kloop.kgге имаратты талкалоо жөнүндө «Бишкекбашкыархитектурадан» эч кандай документ келип түшпөгөнүн билдиришти.

«Эч ким шаардык кеңеште да, башка жерде да эч нерсе караган жок», — дешти басма сөз кызматындагылар.

«Бишкекбашкыархитектуранын» өкүлү Замира Кабилгиева Kloop.kgге ал иштеген мекемеге да имаратты бузуу жөнүндө эч кандай өтүнмө келип түшпөгөнүн билдирди.

Мурда бийлик ресторандын имаратын бузуу жөнүндө бир нече жолу маселе көтөргөн, бирок азырынча аны эч ким кылган эмес.

«Нарын» рестораны 80-жылдары салынган. Ал башкалаадагы эл эң көп келген эс алуу жайы болгон, бирок акыркы 10 жылдан бери кароосуз калып ээн турат.

2005-жылдын мартында бийлик алмашкандан кийин имарат колдон колго өтүп келген. Ал казино, түнкү клуб катары пайдаланылып, кийин такыр эле каралбай калган.


ТЕМА БОЮНЧА: