Кыргызстан Исламиадада медалдар боюнча 10-орунду ээледи

Исламиада-2017нин жыйынтыктоочу медалдык эсебинде Кыргызстан 10-орунду ээледи. Курама команданын эсебинде 17 байге: төрт алтын, беш күмүш жана сегиз коло медаль бар.

Ислам тилектештик оюндары Бакуда (Азербайжан) 12-майдан 22-майга чейин созулду. Кыргызстан бул оюндарга 69 спортчудан турган команда менен катышып, алар спорттун 11 түрүндө мелдешти.

Ислам тилектештик оюндарында курама командага биринчи алтын медалды дзюдочу Юрий Краковецкий алып келди. Чечүүчү таймашта кыргызстандык балбан салмак айырмасына (40 килограмм айырма) жана жарым финалдык беттешүүдө алган жаракатына карабастан, алжирдик спортчуну жеңип, Кыргызстанга бул оюндардагы биринчи байгени камсыз кылды.

Юрий Краковецкий Исламиада-2017деги алтын медалы менен.

Дзюдочулардын мелдешинде курама командага Отар Бестаев, Бектур Рысмамбетов жана Владимир Золоев да үч коло медаль алып келишти.

Оюндарда волейболист кыздар да артыкчылыгын көрсөтүштү. Үчүнчү орун үчүн матчта Кыргызстандын кыз-келиндер боюнча курама командасы Тажикстандан барган атаандаштарын 25:16 эсебинде утуп чыгышты.

Кыргыз волейболист кыздары курама командага коло медаль алып келишти.

Жеңил атлет Дарья Маслова 5000 метр аралыкка чуркоодо коло медаль утуп алды. Марага аз калганда кыргызстандык жөө күлүк Араб Эмираттарынан келген атаандашын секунддун жүздөн бир үлүшүнө озгонго жетишти. 15 мүнөт 42 секунд Кыргызстандын курама командасына коло медаль алып келди.

Сууга сүзүү боюнча мелдештерде да 200 метрлик брасста Дарья Таланова үчүнчү келди.

Дарья Таланова 200 метр аралыкта сууда сүзүү боюнча коло медалга ээ болду.

Кыргызстандын курама командасына байгелердин көбүн балбандар алып келди. Исламиаданын алтын медалдарын Каныбек Жолчубеков, Муслим Евлаев жана Айсулуу Тыныбекова жеңип алышты.

59 килограммга чейинки салмак категориясында курама командага Каныбек Жолчубеков алтын медаль утуп келди. Иордания менен Азербайжандын спортчуларын жеңип чыгып, финалдык беттешүүдө кыргызстандык балбан Өзбекстандан барган Исломжон Бахрамов менен күрөшүп, ага эч мүмкүнчүлүк калтырбай (8:1), алтын байгени алып кетти.

Каныбек Жолчубеков күрөш боюнча алтын медалдын ээси болду.

79 килограммга чейинки салмак категориясында Азиянын күмүш байгесинин ээси Муслим Евлаев баарынан күчтүү чыкты. Алтын медалды алыш үчүн кыргызстандык балбан Мавританиянын, Казакстандын жана Түркиянын спортчуларын жеңип алды.

Муслим Евлаев алтын медаль алыш үчүн Мавританиянын, Казакстандын жана Түркиянын спортчуларын жеңип алды.

Жакында эле Азиянын чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекова эч кыйынчылыгы жок өз атаандаштарын жыгып, Кыргызстанга оюндардын төртүнчү алтын медалын алып келди.

Балбандардын эсебинде мындан тышкары төрт күмүш байге бар. Исламиадада Үзүр Жусупбеков, Руслан Царев, Жанат Кыйлыбаев жана Алибек Осмонов экинчи орун алышты.

Оюндардын күмүш медалы Жанат Кайлыбаевде.

Күрөш боюнча турнирдин коло медалдарын Кайратбек Түгөлбаев жана Айпери Медет кызы утуп келишти.

Ушу боюнча мелдештердин акыркы күнүндө Туратбек Сулайманкул уулу өз артыкчылыгын көрсөттү. Йемен менен Азербайжандын өкүлдөрүн жеңип чыгып, кыргызстандык мушкер 48 килограммга чейинки салмак категориясында финалга чыгып, анда Түркиянын өкүлүнө жеңилип калды — 0:2.

Туратбек Сулайманкул уулу Кыргызстанга бешинчи күмүш медаль алып келди.

Жалпы медалдык эсепте Кыргызстандын курама командасы онунчу орунга ээ болду. Баарынан көп медаль оюндарды уюштурган Азербайжандын энчисине тийип, экинчи орунду Түркия, үчүнчүсүн Иран алды.

Мелдештерге Ислам кызматташтык уюмуна кирген 54 өлкөнүн спортчулары катышты.

Сүрөт: Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик / АКИпресс


ТЕМА БОЮНЧА: