УКМК: Филармониянын жанында колго жасалган бомбанын муляжы табылды

Саперлор Бишкекте Филармониянын жанындагы колго жасалган жардыруучу түзмөктүн муляжын жок кылышты. Ал жерге коюлган курчоо алынып, бул факты боюнча иликтөө башталды.

Милицияга Филармониянын имаратынын жанында турган шектүү буюм тууралуу кабар 7:37де келип түшкөн. Укук сакчылары ал жерди курчоого алып, буюмду текшериш үчүн саперлорду чакырышты.

УКМКнын басма сөз кызматы шектүү кутучадан саперлор колго жасалган жардыруучу түзмөктүн муляжын табышканын, андан соң аны жок кылышканын кабарлады.

Филармониянын имаратынан курчоо алынды. УКМК окуяны иликтей баштады.

Сүрөт: «Спутник», Максат Элебесов