Бишкек: Окуучу кыз мугалимдин «жабышканын» айтып жатат

Бишкектеги №61 мектепте окуган кыз өз мугалиминин үстүнөн милицияга арызданды. Окуучу кыз мугалими ага «тийишкенин» айтып жатат, бирок окутуучу анын сөзүн төгүнгө чыгарууда.

Бишкектеги №61 мектептин сегизинчи классында окуган кыз 2017-жылдын 24-майында Биринчи май РИИБне жыныстык асылуу аракети тууралуу арыз жазды.

Ал география мугалими аны тактага чакырып жатып анын денесине тийгенин билдирүүдө.

ШИИБнин басма сөз кызматы мугалим дооматты четке кагып, окуучу кызга тийип эле кеткенин айтып жатканын билдирди.

«Мугалим сабак өтүп жатканын, окуучуларды сабак тууралуу сурап жатканын айтты. Анын сөзүнө караганда ал кокусунан тиги кызга тийип кетип, ал болсо тийишип жатат деп ойлосо керек. Мугалим ага асылганын танып, андай аракет кылбаганын айтып жатат», — деп билдирди ШИИБ.

Азыр милиция менен башкалаанын билим берүү башкармалыгы иликтөө жүргүзүп жатышат. Мектептегилер бул окуяга комментарий берүүдөн баш тартышты.

«Биз бул окуяга абдан капабыз. Кечээ 11.00дө биринчи кезметтеги сабак өтүп жаткан, география мугалими баа коюп жаткан экен. Ал эми 15.30да анын энеси тергөөчү менен келди. Мектептин директору мугалимди тажрыйбалуу педагог катары мүнөздөдү, ал ошол жерде эчактан бери иштейт экен. Директор өзү окуяны тергөөчү келгенде эле билиптир. Биз бул окуяны текшеребиз», — дейт билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова.


ТЕМА БОЮНЧА: