Бишкек: ШИИБнин кайгуул-күзөт кызматы электр үчүн 715 миң сом карыз болуп калды

«Түндүк электр» компаниясы 26-майда 715 миң сом карызы үчүн ШИИБнин кайгуул-күзөт кызматынын электрин өчүрүп салаарын билдирди.

«Түндүк электр» энергокомпаниясы акыркы төрт айда эле милиция 505 миң сомго электр энергиясын пайдаланганын, ал үчүн 62 миң сом гана төлөгөнүн билдирди.

Карыздын жалпы суммасы 715 миң сом.

«Кайгуул-күзөт кызматын электр кубаты менен камсыз кылуу абоненттин балансында турган №1576 трансформатордук кичи станциядан жүргүзүлөт. Айтмакчы, ошол эле кичи станциядан Васильевск тракты/Фучик көчөсүндөгү жолчырак да кубаттанат. Электр кубатын өчүрүү жолчыракты кошо өчүрүүгө алып келет», — деп айтылат билдирүүдө.

Энергетика компаниясындагылар эгерде 26-майда карыз төлөнбөсө, кайгуул-күзөт кызматынын электр жарыгы өчүрүлөөрүн билдиришти.

ШИИБнин басма сөз кызматы электр энергиясы үчүн карызы бар экенин моюнга алды.

«Азыр биз анча чоң карыз эмнеден улам пайда болгонун жаңыдан гана аныктап жатабыз. Баары аныкталгандан кийин толук маалымат беребиз», — дешти басма сөз кызматынын өкүлдөрү.