Фракциялардан чыккан депутаттар парламенттеги ордунан ажыратылбайт

Парламент өкүлдөрү фракциялардан чыккан депутаттарды мандатынан ажыратпай турган болушту. Эл өкүлдөрү бул Конституцияга каршы келет деген жыйынтыкка келишти.

Депутаттар  парламенттик фракциялардын иши тууралуу типтүү жобого киргизилчү түзөтүүлөрдү кайрадан карап чыгышты. Документтеги пункттардын бирине ылайык фракциядан чыккан депутат мандатынан да ажыратылышы керек болчу.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянова ар бир партия өз ишин өзү уюштурушу керек экенин билдирди.

Салянова документ мынча талаш туудурган соң аны кароону кийинкиге калтырууну сунуш кылды.

Бирок депутаттар документтеги пункт Конституцияга каршы келет деген пикирге келип, аны бир добуштан четке кагышты.

Партияда жок депутат

2017-жылдын мартынын аягында президентчил КСДП фракциясы өз катарынан депутат Жанар Акаевди «позициялары келишпегендиги» үчүн чыгарып салган.

Жанар Акаев көпчүлүк коалициянын ичинен 18-мартта сөз эркиндиги үчүн жүрүшкө чыккан бирден-бир депутат болгон. Жүрүштүн катышуучулары «Азаттык» менен «Занозага» каршы берген доо арыздары үчүн президент Алмазбек Атамбаевди кескин сынга алышкан.

Акаев бийликтин президентчил партиянын депутаттарынын ичинен ЖМКга кысымы күчөп баратканда журналисттерге болушкан бирден-бир эл өкүлү болгон.

Партиядан чыгарылганына карабастан, Жанар Акаев дагы эле Жогорку Кеңештин депутаты боюнча калууда.


ТЕМА БОЮНЧА: