«Хижаб үчүн иштен алынган» кызматкер Бишкек мэриясын соттон утуп алды

Бишкек шаардык соту «диний кийимим үчүн мыйзамсыз иштен алындым» деп эсептеген мэриянын мурдагы кызматкери Сейил Маданбекованын доо арызын канааттандырды. Башкалаанын мэриясы анын дооматын четке кагып, Маданбекова начар иштегени үчүн кызматтан алынганын билдирүүдө.

Сейил Маданбекованын доо арызын Бишкек шаардык соту канааттандырды. Мурда Ленин райондук соту да ушундай эле чечим кабыл алган, бирок мэрия алардын чечимдерине макул эмес.

Сейил Маданбекова жаңы аппарат башчысы келген соң 2016-жылдын ноябрында иштен алынган.

Анын айтымында, жаңы жетекчи Мелис Жунушалиев аны менен бир нече жолу анын мусулмандык кийим кийип жүргөнү тууралуу маектешип, андан өз ыктыяры менен иштен кетүүнү суранып, болбосо берене боюнча кетирээрин айткан.

«Мен жети жыл бою мамлекеттик кызматкер болуп иштедим жана жакшы иштедим. Бир да сөгүш алган эмесмин. Бирок жаңы аппарат жетекчиси келип, ага менин жоолугум жакпай калды, бирок ага көбүнчө менин ордум эле керек болгон деп ойлойм», — деди ал.

Кызматтан алынган аял мэриянын эл аралык кызматташтык бөлүмүндө иштеген. Ал өзүн мурдагы кызмат ордуна кайра коюуну талап кылып жатат.

Бишкектин мэриясы бул версияны төгүнгө чыгарууда. Мэрия кызматкерлеринин айтымында Сейил Маданбекова бир нече жолу сөгүш алган соң иштен бошотулган.

Сүрөт: «Азия-Плюс»