«Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому» өз жетекчилигин коррупция боюнча айыптап жатат

«Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун» өкүлдөрү 17 жыл бою алардын жетекчилиги мамлекет бөлүп берген акчаны ачык бөлүштүрбөй келатканын билдирип жатышат. Коомдун жетекчилиги алардын дооматтарын «болбогон кеп жана популизм» деп баалады.

Бирикме Каржы министрлигинин катына таянуу менен 2001-жылдан тартып ал жыл сайын 34 миллион сом өлчөмүндө субсидия алышы керек болчу деп эсептейт.

Бул акчанын бир бөлүгү угуш аппараттарын, аса таяктарды, сүйлөөчү смартфондорду сатып алууга жумшалышы керек болчу. Башка бөлүгү окуу-өндүрүш ишканаларында майыптар үчүн жумуш орундарын түзүүгө сарпталмак.

Бирок коомдун өкүлдөрү алар сөз болуп жаткан нерселердин эч бирин албаганын айтышууда.

«Биз мамлекеттин бул оңбогондой чоң акчасы каякка кетип атканын билгибиз келет, анткени 17 жыл ичинде коомдук бирикме бир да жумуш ордун түзгөн жок. Бирок 11 окуу-өндүрүш ишканасынын эбегейсиз кең аянттары жөн гана жеке менчик фирмаларга жана адамдарга ижарага берилип келатат. Ижарадан түшкөн акча кантип бөлүштүрүлөөрү бизге белгисиз», — деп жазылат коомдун парламентке жазган катында.

Коомдун өкүлдөрү майыптар үчүн бөлүнгөн турак-жай мыйзамсыз бөлүштүрүлүп жатканын да кеп кылып жатышат. Бирикме мүчөлөрү 44 батир ден соолугу жакшы, ишке жарактуу адамдарга берилип кеткенин билдиришти. Берилген батирлердин жалпы баасы 89 миллион сомдон ашат.

Коомдун башчысы Марат Ташбаев жетекчиликтин дарегине айтылган дооматтар «популизм жана болбогон кеп» экенин айтты.

«Каржы министрлигинин акчасын биз накталай албайбыз, бизге кошмо нарк салыгынан (КНС) жеңилдик берилет. Айталык, биз карандашты беш сомго өндүрөбүз дейли, анан ошол КНСти мамлекет өз каражатынан жаап берет. Эл жөн эле түшүнбөй арызданып жатат», — деди ал.

Ташбаевдин айтымында, жетекчилик муну документ жүзүндө далилдей алат, ал эми бул боюнча сотту коомдун жетекчилиги 2016-жылдын күзүндө утуп алган.

«Ал кишилердин уяты жок, биз соттордун баарын мыйзамдуу негизде утуп алганбыз. Биз мамлекеттин акчасынын эсебин беребиз. Ошол эле техниканы албай жатабыз деп арызданганы болбогон кеп жана популизм», — деди Ташбаев.