Оштогу мектеп менен ФКК «аскердик-мекенчил даярдык» классын ачышты

Оштогу «Светоч» чиркөө-приход мектебинде жаштардын аскердик-мекенчил даярдык классы ачылды. Атайын класс Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) чек арачыларынын демилгеси менен уюшулду.

«Светоч» мектебинин директору Виктор Реймген мекемеде жаштардын аскердик-мекенчил даярдыгы боюнча атайын класс ачылганын кабарлады. Анын айтымында, бул Ошто жана Ош облусунда мындай учурлардын биринчиси эмес.

Класс мектептин өзүнүн жана ФККнын Оштогу ыкчам чек ара тобунун демилгеси менен ачылган.

«Класс балдарга аскердик-мекенчил тарбия берүү максатын көздөйт. Өсүп келаткан муундар үчүн аскерге чейинки даярдык сабактары жана алардын мекенчилдиги менен Кыргызстанга болгон сүйүүсүн тарбиялай турган, ата мекендик баатырлардын эрдигин сактай турган башка иш-чаралар өткөрүлөт», — деп түшүндүрдү директор Kloop.kg менен болгон маекте.

Сабактардын программасы Билим берүү министрлиги менен макулдашылган. «Светоч» жеке менчик чиркөө-приход мектеби болуп саналат. Мекенчил даярдык классында жалпы билим берүүчү сабактар да өткөрүлөт.

«Жалпы билим берүүчү сабактар да өткөрүлөт, бирок бул атайын класс, аудиторияны да биз тиешелүү түрдө шөкөттөдүк. Анда каалаган окуучу окуй алат. Балдар орто билим жөнүндө аттестат алып, университеттерге да өтө алышат», — деп кошумчалады Реймген.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда ФККнын ыкчам чек ара тобу чек араны кайтаруу боюнча тажрыйбасынан бөлүшүү максатында Кыргызстанда иштейт.

«Кээде өз мандатынын чегинде алар биздин чек арачыларга жардам беришет. Жалпысынан алар жеке курамдын моралдык-психологиялык даярдыгы, оорукту камсыздоо жана согушка даярдык боюнча өз тажрыйбасынан бөлүшөт», — деп түшүндүрдү ал.

Сүрөт: «Турмуш»


ТЕМА БОЮНЧА: