Шыкмаматовдун иши боюнча сот белгисиз мөөнөткө жылды

Биринчи май райондук соту оппозициячыл депутат Алмамбет Шыкмаматовдун ишин териштирүүнү белгисиз мөөнөткө кийинкиге калтырды. Айыптоочу жана коргоочу тараптар отурум өткөрүлө турган жер боюнча макулдаша албай коюшту.

Шыкмаматовдун адвокаттары иштин материалдарын Свердлов райондук сотуна өткөрүп берүүнү талап кылышты, анткени ал жакта иш боюнча өтүп жаткан «Барат Люкс» компаниясы бар.

Айыптоочу тарап документтерди өткөрүүгө каршы чыкты. Ал сот процесси Биринчи май райондук сотунда өтүшү керек деп эсептейт, анткени ал жакта Эсептөө палатасынын имараты жайгашкан.

«Барат Люкс» компаниясы жана Эсептөө палатасы Алмамбет Шыкмаматовго каршы «Кызматтык бурмалоо» жана «Коррупция» беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында өтүп жатышат.

Сот Шыкмаматовдун адвокаттарынын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Алар чечимге каршы Бишкек шаардык сотуна даттанууга даярданышууда.

Натыйжада Алмамбет Шыкмаматовдун ишин кароо белгисиз мөөнөткө кийинкиге калтырылды.

Шыкмаматовдун иши боюнча биринчи сот жыйыны да оппозициячынын адвокаты Чынара Жакупбекова келбей калгандыктан кийинкиге калтырылган.

Алмамбет Шыкмаматовдун иши

«Ата-Мекен» партиясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовго каршы 2017-жылдын 17-февралында «Кызматтык бурмалоо» жана «Коррупция» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

УКМКнын тергөөчүлөрүнүн версиясы боюнча, Шыкмаматов 2011-жылы Эсептөө палатасына автоунааларды сатып алууга көз салган тендердик комиссиянын курамында болуп, «Барат Люкс» компаниясынын жеңишин жасалма камсыз кылып берген.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, Шыкмаматов тендердик өтүнмөгө өз аялынын автоунаасын да киргизип, аны 14500 долларга саткан, автоунаа болсо орто эсеп менен 10 миң доллар турат.

Сот Шыкмаматовдон эч жакка кетпестиги тууралуу тил кат алган.

Алмамбет Шыкмаматов — президент Алмазбек Атамбаевди сынга алган «Ата Мекен» фракциясындагы оппозициячыл үч саясатчынын бири.

Партиянын башчысы Өмүрбек Текебаевге жана мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага каршы да кылмыш иши козголгон.

Текебаев орусиялык ишкер Леонид Маевскийге «Мегаком» уюк операторун башкарууга жол ачып бериш үчүн андан 2010-жылы бир миллион доллар пара алган деп айыпталууда.

Салянова бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин кызыкчылыгын коргогон Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деп айыпталып жатат.

Текебаевди, Шыкмаматовду жана Салянованы атайын кызматтар «Мегаком» уюк операторунун акцияларын сатууга кызыкчылыгы болгон деп да шек санап жатышат.

Башкы прокуратуранын оппозициячыл саясатчыларга мындай кызыгуусу бул үчөө тең Конституцияга киргизүүнү президент сунуш кылган түзөтүүлөргө каршы чыгышкандан кийин келип чыккан. Референдум 11-декабрда өтүп, Конституцияга киргизилчү түзөтүүлөр кабыл алынган.

Сүрөт: Даниль Усманов


ТЕМА БОЮНЧА: