«Вечерний Бишкектин» мурдагы ээси боюнча сот 5-июнга жылдырылды

«Вечерний Бишкек» басылмасынын мурдагы ээси Александр Ким

Свердлов райондук соту «Вечерний Бишкек» басылмасынын мурдагы ээси Александр Кимдин ишин кароону бешинчи июнга жылдырды. Тараптардын адвокаттары материалдар менен таанышып чыгыш үчүн сот жыйынын кийинкиге калтырууну суранышты.

Свердлов райондук соту адвокаттардын отурумду кийинкиге калтыруу тууралуу өтүнүчүн канааттандырды.

Адвокаттардын айтымында, алар бул ишке кийин кошулгандыктан, кылмыш ишинин материалдары менен таанышып чыкканга үлгүрө элек.

Ким ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланган, аманатка тапшырылган мүлктү ээлеп алып чыгаша кылган деп айыпталууда. Тергөөнүн версиясы боюнча, Ким «Вечерний Бишкектен» 2015-жылы, басылма башка кожоюндун ээлигине өткөндө деле дивиденд алып турган.

«Бул сот процесси саясий мүнөздө. Дивиденд бөлүштүрүүгө эч кимдин кийлигишүүгө акысы жок, бул жерде болсо мамлекет бардык ыйгарым укуктарын салып кийлигишип жатат. Күлкү келерлик» – деди Ким.

Ким өзүнө каршы ачылган кылмыш ишинде негиз жок деп эсептейт. Анын айтымында, ал 2015-жылы басылмадан дивиденд алууга укуктуу болгон. Кимдин сөзүнө караганда, ал бул тууралуу документтерди тергөөчүлөргө көрсөткөн, бирок тергөөчүлөр аларды көңүлгө албай коюшкан.

«Вечерний Бишкек» боюнча иш

Александр Ким 2015-жылдын 1-сентябрына чейин «Вечерний Бишкек» басылмасынын ээси болуп келген. Соттук териштирүү 2014-жылдын күзүндө эле, гезиттин тең кожоюну Александр Рябушкиндин арызынан улам башталган.

Рябушкин басылманын акцияларынын өзү 2000-жылы кол жууп калган бөлүгүн кайтарып алгысы келген. Анын үлүшүндөгү акцияларды мурдагы президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев сатып алган.

Рябушкиндин сөзү боюнча, ал келишим кысым астында түзүлгөн, ошондуктан ал 50 пайыз акцияларды жана басылманын 15 жыл иштегени үчүн 15 миллион долларды кайтарып берүүнү өтүнгөн.

Соттун чечими менен ал Кимге таандык болгон акцияларга ээ болуп калган. Ошондон кийин «Вечерний Бишкекте» директорлордун курамы алмашылган.

Сүрөт: «Вечерний Бишкек»


ТЕМА БОЮНЧА: