Бишкек: «Ала-Тоо» жаңы конушунда жүк ташыгыч жөө кишини сүзүп өлтүрдү

Бишкекте «Ала-Тоо» жаңы конушунда ГАЗ-53 маркасындагы жүк ташыгыч кесилиште жөө кишини сүзүп өлтүрдү. Айдоочу окуя болгон жерде калып, милициянын келишин күтүп турду.

Жол кырсыгы 25-майда кечинде болгон. 50 жаштагы эркек киши кесилиште жолдон өтүп бараткан жеринен аны суу ташыгыч ГАЗ-53 сүзүп кеткен.

Автоунаа сүзгөн киши дароо мүрт кеткен. Жүк ташыгычтын айдоочусу качканга аракет кылбастан, кайгуул милиция кызматкерлерин күтүп турган. Экспертиза анын соо экенин көрсөткөн.

Иштин материалдары тергөөгө өттү. Жүк ташыгыч штрафтык токтотмого коюлду.

Кайгуул милиция башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2017-жылдын төрт айында Бишкекте 130 жол кырсыгы болгон.

Үрөй учурган статистикага каршы Интернетти пайдалануучулар козголушту. «Фэйсбукта» «Жолдогу өлүмдү токтот!» деген мөөнөтсүз акция башталды.

Активисттер кайрылуу уюштурушту: алар бийлик жол коопсуздугун камсыз кылышын талап кылып жатышат.


ТЕМА БОЮНЧА: