Бишкек: Баласы бар колясканы сүзүп кеткен айдоочу табылды

Бишкектин чыгыш жагында ак түстүү «Хонда-Фит» Чүй проспектинде жөө чыйыр менен баратып ичинде кичинекей баласы бар колясканы оодарып кеткен. Айдоочу окуя болгон жерден кетип калып, кийин баланын энеси тартып алган видео аркылуу табылган.

Окуя 24-майда, баланын энеси коляска менен ЖЭБдин тушундагы Чүй проспектинде сейилдеп жүрүп автоайдоочулар тыгындан жөө чыйыр аркылуу чыгып жатышканын көргөн учурда болгон. Машинелердин айнан төтө жолдо жөө кишилер үчүн дээрлик орун калбай, келин эреже бузгандарды видеого тартып алмакчы болгон.

Эреже бузуучулар келинге эч кандай көңүл бурбай анын жанынан өтө беришкен, ал эми B 0696 AP номериндеги ак түстүү «Хонда-Фит» колясканы оодарып салып кетип калган.

Окуя болгон жерге кайгуул милициясы менен тез жардам тобу жетип барган. Эне-бала ооруканада жатат, айдоочунун үстүнөн арыз жазылды.

Эреже бузуучулардын баары, анын ичинде колясканы оодарып кеткендер да тартылган видеону активист Айбек Баратов 25-майда жарыкка чыгарып, ал коомчулукта сөзгө алынып кетти.

1974-жылы туулган«Хонды-Фиттин» айдоочусу кармалып, жол эрежесин бузганы боюнча ал боюнча административдик протокол түзүлүп, миң сомдук штаф тартмак болду.

Колясканы оодарып кеткен факты боюнча материалдар Бишкек ШИИБнин тергөө башкармалыгына өткөрүлүп, автоунаа штрафтык токтотмого коюлуп, айдоочу сурак берип жатат. Видеого тартылган башка эреже бузуучулар да изделип жаткан кези.


ТЕМА БОЮНЧА: