Бишкек жылуулук борбору радиоактивдүү көмүрдү таштандыга чыгарат

Башкалаанын жылуулук борбору 618,6 тонна радиоактивдүү көмүрдү таштандыга чыгарат. Көмүр 2017-жылдын 1-июлуна чейин таштандыга чыгарылууга тийиш.

Бишкек жылуулук борбору радиоактивдүү көмүрдү таштандыга чыгарганы берүүгө даяр. «Электр станцияларынын» басма сөз борбору «Кара-Балта тоо-кен комбинаты» аны көмдүргөнгө жер бөлүп бергенин билдирди.

Жалпысынан таштандыга 618,6 тонна радиоактивдүү көмүр жөнөтүлөт. Өкмөттүн 2017-жылдын 10-майыдагы токтомуна ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көмүрдү 2017-жылдын 1-июлуна чейин алып чыгып көөмп келиши керек.

Мурда парламенттин отурумуда көмүр дагы эле жылуулук борборунда буюм далил катары сакталып турганы айтылган.

Радиоактивдүү көмүр Кыргызстанга Казакстандан 2011-жылдын сентябрында алынып келген. Анын радиациялык фону жол берилген ченемден сегиз-тогуз эсе көп болчу.

Ташылып келген көмүр Чүй облусунун айрым мектептеринде анча-мынча колдонулуп, Бишкек жылуулук борборуна жеткирилген. Бул маалыматты кийинчерээк Башкы прокуратура ырастаган.

Чүй облусунун Кошой айылынын администрация башчысынын айтымын да, зыяндуу көмүр жагылгандыктан балдар ооруй баштаган.

Башкы прокуратура көмүр сатып алууга жооптуу аткаминерлерге каршы кылмыш ишин козгогон. Айыпталуучулардын катарында мурдагы энергетика министри Аскарбек Шадиев жана «Электр станцияларынын» мурдагы башкы директор Аман Тентиев да бар эле.

Бирок Биринчи май райондук соту 2012-жылдын июлунда айыпталуучулардын баарын күнөөсүз деп тапкан. Сот айыпталуучулардын аракетинде «кылмыш курамы жок» деп токтом чыгарган — ал радиоактивдүү көмүр «кокусунан» ташылып келген деп, аларды актоочу өкүм чыгарган.

Бул иш боюнча күбө катары тартылган энергетика тармагы боюнча өз алдынча эксперт Расул Умбеталиев өкүм калыс болгон эмес деп эсептейт — ал радиоактивдүү көмүр атайын сатып алынган деген пикирде.

Өкмөттүн мурдагы басма сөз катчысы Султан Каназаров 2012-жылдын февралында, көмүр жаслама документтер менен ташылып келгенин билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: