Кыргызстандык режиссерлор Түштүк Кореядагы кинофестивалга чакырылды

Кыргызстандык эки режиссер эл аралык «BIKY» кинофестивалынын алкагында Түштүк Кореядагы кинолагерге чакырылды.

Кыргыз режиссерлору Тимур Искаков менен Батыркан Ильясов Түштүк Кореядагы кинолагерге чакырылды. Иш-чара 12-июндан 18-июнга чейин Пусан шаарында болот.

Бир жума бою режиссерлор кесипкөй адистердин жетекчилиги астында өздөрүнүн кыска метраждуу фильмдерин тартышат. Өз иштерин Искаков менен Ильясов балдардын жана өспүрүмдөрдүн эл аралык «BIKY» фестивалында көрсөтүшөт, кинолагерь да ошонун алкагында уюшулган.

Тимур Искаковдун фильми:

«Мен чакырылганымды укканда сүйүнүп кеттим, бул 30 өлкөнүн режиссерлору бара турган чоң окуя да. Бул мен бара турган биринчи ушундай масштабдуу иш-чара. Биз эмне айтылса ошону тартабызбы, же өзүбүз каалаган нерсени жаратсак болобу, азырынча билбейм», — деди Искаков Kloop.kg менен болгон маекте.

«BIKY» фестивалы режиссурага 18 жаштан кичүү балдарды жана өпүрүмдөрдү үйрөтүш үчүн жыл сайын 2005-жылдан тартып өтүп келатат. Фестивалдын уюштуруучулары жаш режиссерлорго бири-бири менен таанышып, кызматташууга мүмкүнчүлүк бергиси келет.

Жаштар Республикалык  «Карек» фестивалында жеңишке жетишкенден кийин чакыруу алышкан. 14 жаштагы Батыркан Ильясов «Кошуналар» аттуу фильми үчүн «Эң мыкты анимация» номинациясында баш байгени жеңип алган. Тимур Искаков «Эң мыкты фильм» номинациясында жеңишке жетишкен.


ТЕМА БОЮНЧА: