Муфтият орозонун мөөнөтүн жана битирдин өлчөмүн дайындады

Орозо быйыл 27-майда түнкү саат 03:16да башталат. Кыргызстандын муфтияты битирдин өлчөмү аныктады.

Муфтият орозо 2017-жылдагы орозо 27-майда башталып, 25-июнда аяктай турганын билдирди. Орозонун убактысы жыл сайын өзгөрүп, айга жараша аныкталат.

«25-майда күн бүркөн болуп, биз Айды көрө албай калдык. Андыктан 27-май ишемби күнү орозонун биринчи күнү болуп жарыяланат», — деп айтылат билдирүүдө.

Муфтияттын басма сөз катчысы битир-садаганын өлчөмү төмөнкүдөй аныкталганын кабарлады:

  • 1 кг 600 г буудайдын баасы — 30 сом;
  • 1 кг 600 г мейиздин баасы — 368 сом;
  • 1 кг 600 г ундун баасы — 35 сом;
  • 1 кг 600 г арпанын баасы — 48 сом;
  • 1 кг 600 г хурманын баасы — 380 сом.

Мусулмандар шартына жараша ушул варианттардын бирин тандап алышса болот.

Чогулган акча бир айдын ичинде бардык муктаж болгон адамдарга таратылат. Ал үчүн атайын комиссия түзүлөт.


ТЕМА БОЮНЧА: