Санкт-Петербургдагы террордук чабуул боюнча шектүүлөргө айып коюлду

Кыргызстанда туулган бир тууган Акрам жана Аброр Азимовдорго Санкт-Петербург метросундагы террордук чабуул боюнча айып коюлду.

Орусиялык тергөөчүлөр бир тууган Акрам жана Аброр Азимовдорго айып койду. Азимовдордун адвокатынын айтымында алар Орусиянын Кылмыш кодексинин эки беренеси — «Террорчулук» жана «Курал-жарак менен жардыргычтарды сактоо» беренелери боюнча айыпталып жатышат.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) Аброр Азимовду Подмосковьеде 2017-жылдын 17-апрелинде колго түшүргөн. Тергөө аны Петербургдагы террордук чабуулду уюштурган жана террорчу-жанкечти Акбаржон Жалиловду даярдаган деп айыптап жатат. Тергөөнүн пикиринде ал кармалганда жанынан тапанча табылган.

Бирок Орусиянын Тергөө комитети Азимов болгону террордук чабуулга катышкан деп эсептеген. Аброр өзү террордук чабуул уюштурганын төгүндөп, күнөөсүн танып жатат.

«Камакка алынганыма каршы эмесмин. Жардырууга тийешем бар деп айткан жокмун. Катышканым бар, бирок түз катышкан эмесмин», — деп билдирди ал.

Орусиянын атайын кызматтары Абрордун бир тууганы Акрам Азимовду да кармашты. Ал террордук чабуулду каржылаган деп айыпталууда. Бир туугандар бир нече айга камакка алынып, орус жарандыгынан чыгарылды.

2017-жылдын апрелинде Санкт-Петербургдагы метронун вагондорунун биринде жарылуу болгон. Бомба «Сенная Площадь» жана «Технологический институт» станцияларынын ортосунда жарылып, 16 киши жан берип, 50дөн ашык адам жабыркаган.

Тергөө комитети бомбаны Кыргызстанда туулган Акбаржон Жалилов жардырган деп эсептейт.


ТЕМА БОЮНЧА: