Ахматбек Келдибеков президенттикке ат салышат

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ахматбек Келдибеков Кыргызстандын президенттигине ат салыша тургандыгын билдирди. Ал президенттик шайлоого катыша турган жетинчи кыргыз саясатчысы болуп калды.

Келдибековдун президент болуу дымагы тууралуу 2016-жылдын декабрында эле сөз болгон. Бирок ал бул тууралуу май айынын соңунда гана Ош облусундагы Алай районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда расмий түрдө билдирип чыкты.

Ал саясий альянска мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев жана парламенттин мурдагы спикери Адахан Мадумаров менен кирип жатат.

Келдибеков президенттикке бара турганын айткан жетинчи кыргыз саясатчысы болуп калды.

Президенттик КСДП өлкө башчылыгына учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөткөн. Ошондой эле бул кызматка КСДПдан дагы бир талапкер, парламент спикери Чыныбай Турсунбековдун бар экени тууралуу да айтылууда.

Мурдагы премьер-министрлер Темир Сариев менен Өмүрбек Бабанов да президенттикке талапкерлигин көрсөтүшкөн. Ал эми дагы эки талапкер, Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров, камакта отурушат. «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев да президенттик шайлоого катышуу ниетинде.

Президенттик шайлоо өткөрүү күнү азырга чейин тактала элек. Шайлоону 2017-жылдын 19-ноябрынан 15-октябрга жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоору парламенттин эки окуусунан өткөн.

Келдибековго каршы кылмыш иши

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Келдибековго каршы 2012-жылы «Коррупция» жана «Кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Соттук териштирүүлөрдүн натыйжасында айыптоолордун бир бөлүгү далилденген эмес, бирок «Кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренеси боюнча ал күнөөлүү деп табылып, 10 млн сом штрафка жыгылган.

Келдибеков өзү кылмыш ишинин козголушун саясий куугунтук деп атаган.

2016-жылдын ноябрдында ал мамлекетке 10 млн сом штрафты төлөп берген. Мыйзамга ылайык, анын соттолгонун штрафты төлөгөндөн бир жылдан кийин жойсо болот.

Ахматбек Келдибеков өзүнүн саясий ишмердүүлүгүн 1993-жылы Экономика жана каржы министрлигинде баштаган. Ар кайсы башкармалыктардын жетекчиси болгон, ал эми 2002-жылы каржы министринин орун басары болуп калган.

Андан соң Келдибеков Социалдык фондду, Мамлекеттик салык кызматын башкарып, эки жолу Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2010-жылы ал парламент спикери болуп калган.


ТЕМА БОЮНЧА: