Жол кырсыгынын курмандыктарын эскерүү жүрүшү болбой калды

Ички иштер министрлиги жол кырсыгынын курмандыктарын эскерген жүрүштү өткөрүүгө Орусиянын патриархы Бишкекке келгенине байланыштуу тыюу салды.

Активисттер жөө жүрүштүн ордуна Горький атындагы скверде жолугушуу өткөрүштү.

«ИИМ биздин жүрүшкө сот аркылуу расмий тыюу чыгарып берди. Иш-чараны сквердеги чогулуш менен чектеп коюшту. Токтомду кийинчерээк жөнөтүп коёбуз», — деди тынчтык жүрүшүнүн уюштуруучусу Айгерим Үсөнова.

Акциянын дагы бир демилгечиси Бахадыр Кадыров кошумчалагандай, жүрүштүн катышуучуларынын бийликке дооматы жок.

«Биз бийликтегилердин бул көйгөйгө жөн гана көңүл бурушун каалайбыз», — деди ал.

Демилгечилердин планы боюнча, Бишкектеги жөө жүрүш Горький скверинен Рыскулов көчөсү аркылуу Эмен паркындагы Курманжан Датканын эстелигине чейин өтүшү керек болчу. Акция #ПомолчатьЧтобыБытьУслышанным хэштеги менен өттү.

Соңку төрт айдын ичинде жол кырсыгынан 200дөй киши көз жумган болсо, алардын ону жаш балдар.

Үрөй учурган статистикага коомдук желелердин колдонуучулары каршы чыгышкан. Алар бийликтен борбор калаанын жолдорунда коопсуздукту камсыздап беришин талап кылып жатышат.


ТЕМА БОЮНЧА: