Ысык-Көлдүн жээгинде оппозициячы Жээнбековдун коттеджи өрттөнүп кетти

Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы «Асыл-Таш» пансионатында  парламенттин мурдагы депутаты жана оппозициячы Равшан Жээнбековдун аялынын коттеджи өрттөнүп кетти. Саясатчы өзү коттеджге өрт коюлган, ал эми укук коргоо органдары Жээнбеков оппозициячы болгондуктан эч нерсе кылбай жатышат деп эсептейт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-майда түн ичинде «Асыл-Таш» пансионатында эки кабаттуу коттедж күйүп кеткенин кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, күйгөн аянт жалпысынан 300 чарчы метрди түздү. Өрттүн себептери азырынча белгисиз.

Күйүп кеткен коттедждин ээси — оппозициячыл мурдагы депутат Равшан Жээнбековдун аялы.

Жээнбеков Kloop.kg менен болгон маекте үй-бүлөсүнүн мүлкүн ким өрттөгөнүн билээрин айтты. Мурдагы депутаттын айтымында, бул иш пансионаттардын жерин тартып алып жүргөн кишилердин колунан келген. Бирок, анын айтымында, мамлекеттик органдар анын оппозициядагы ишмердүүлүгүнөн улам эч нерсе кылгысы келбей жатышат.

«Биз арыз жазабыз, мурда Атамбаевге чейин жазганбыз, бирок мен оппозициядагы саясатты болгондуктан бийлик эч кандай чара көргөн эмес», — деп эсептейт Жээнбеков.

Мурдагы депутат «баскынчылар» анын үй-бүлөсүнө таандык пансионаттын ичинде эки гектар жерди мурда эле ээлеп алышканын айтты.

«Бул чектен чыккан жорук! Көптөгөн пансионаттардын кожоюндары мындай нерселерди айткандан коркушат. Ал кишилер дайыма тоноп кетебиз, өрттөп кетебиз, сабап кетебиз деп коркутуп турушат», — деди ал.

Мындан тышкары, мурдагы депутат электр зымы тийишип кетишин таптакыр жокко чыгарды, анткени коттеджде электр өчүрүлгөн.

Өрт коюудан тарткан зыянды Жээнбеков 50 миң долларга баалады.

Авторлошу: Айдай Эркебаева


ТЕМА БОЮНЧА: