«1000 түркүн» имаратына кошулган курулуш боюнча кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Бишкектин борборунда «1000 түркүн» имаратына кошулган курулуштагы мыйзам бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөөнүн версиясы боюнча, курулуш так пландоо долбоору жок жүрүп келген.

Башкы көзөмөл органы Бишкектин ортосундагы «1000 түркүн» аттуу үйдөгү курулуштун мыйзамдуулугун текшерди. Прокуратура ал жер шаардын башкы планы боюнча жашылдандыруу жана жалпы пайдалануу жайы болгонуна карабастан, чачтарачтын курулушуна беш жылга ижарага берилгенин аныктап чыкты.

Уруксат берген комиссиянын протоколунда кошмо курулуштун кабаттуулугу жана планы көрсөтүлгөн эмес. Мындан тышкары, курулуш ээлери шаардын башкы планына ылайык так пландоо долбоорун иштеп чыгышкан эмес.

Прокуратура үйдүн жанындагы жер ижарага берилип жатканда Жер кодексинин талаптары бузулганын аныктады.

Мыйзам бузулган фактылар боюнча «Жер мыйзамдарын бузуу», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Коммерциялык уюмдардын өкүлдөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышы» деген үч берене менен кылмыш иши козголду.

Каржы полициясынын тергөө башкармалыгы да бул иш боюнча иликтөө баштады.

Мурда үйдүн тургундары мыйзамсыз курулуш боюнча милицияга кайрылышкан, бирок Свердлов РИИБи кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Антсе да 2016-жылы марттын аягында прокуратура тергөөчүнүн чечимин жокко чыгарган болчу.

«Мунун натыйжасында "Өзү билемдик менен башкаруу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми мурда кылмыш ишин козгоодон баш тартып койгон ИИБнин тергөөчүсүнө карата тартиптик иш козголду», — деп билдирди прокуратура.

2016-жылы декабрдын аягында «1000 түркүн» аттуу №127 үйгө улай «Кербен» чачтарачы курулуш баштаган.

Үйдүн тургундары курулуш тууралуу билишпегенин айтышкан, бирок алардын макулдугун ырастаган документте дээрлик бардык тургундардын кол белгилери турган.

Kloop.kg өз иликтөөсүн жүргүзүп, кол белгилердин бир бөлүгү жасалма экенин аныктап чыккан. Документте чет өлкөгө кетип калган, өлүп калган же батирин ижарага берип салган кишилердин кол белгилери жүргөн.

Курулуш ээлеринин жана чачтарачтын кожоюндарынын айтымында, аларда бардык уруксат документтери бар, иш мыйзамдуу жүрүп жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: