Бишкекте бак басып калган автоунаанын айдоочусу мэриядан компенсация доолайт

Терек басып калган «Лексуса GX 470» автоунаасынын айдоочусу шаар жетекчилигинен компенсация доолаганы жатат. Мэриядагылар компенсация маселесин сот чечээрин билдиришти.

Катуу шамал 29-майда 16 бакты жыгып кетти. Теректердин бири Бишкектин борборунда Султан Ибраимов көчөсүндө Жеңиш аянтынын жанына токтотулган «Лексус GX 470» автоунаасын басып калды.

Машиненин ээси Элдиярдын айтымында, анын үй-бүлөсү Түбөлүк оттун жанында сейилдеп жүргөн.

«Мен машинени Түбөлүк оттун жанына коюп балдар менен беш мүнөткө кеткем. Анан эле капыстан шамал башталып чоң бак менин машинемдин үстүнө кулап түштү. Эми ал кайра калыбына келбейт», — деди Элдияр.

Автоунаанын ээси мэрияга компенсация сурап кайрылаарын билдирди.

«Зеленстрой» муниципалдык ишканасынын башкы агроному Элнура Жолдошева Kloop.kg менен маекте компенсация маселесин сот гана чечээрин айтты.

«Биз акт түзгөнбүз, жол-жобосу боюнча ал акт сотко өткөрүлөт. Анан соттун чечими менен компенсация маселеси чечилет. Бул биздин компетенцияда эмес», — деди ал.

Кайгуул милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев Kloop.kgге шаардагы автоунаа токтотуу жол белгилери менен жөнгө салынаарын айтты.

«Айдоочу адегенде белгини карашы керек болчу. Эгерде токтотууга ылайык жердин белгиси болсо ал жерге токтотсо болот, антпесе болбойт», — деди Бугубаев.

Бирок «Лексустун» ээси машинесин токтотмонун артына дароо жайгаштырган, ал жерде автоунаа токтотууга уруксат берген белги коюлган эмес.

Сүрөт: Google Street View.

 

ТЕМА БОЮНЧА: