Депутаттар Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго каршы кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура парламенттеги «Бир бол» фракциясынын депутаттары Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго каршы кылмыш ишин козгоду. Алар коррупция боюнча айыпталууда.

УКМКнын тергөөчүлөрүнүн версиясы боюнча, Чудинов премьер-министр болуп турган кезинде 2009-жылы «Машина сыноо станциясы» компаниясына мамлекеттик бюджеттен «негизсиз жана мыйзамсыз» 200 миллион сом өлчөмүндө ссуда бөлүп берген. Ал акчаны компания мамлекетке кайтарып бериши керек болчу, бирок төлөп бере турган мөөнөтү эки жолу кийинкиге калтырылган.

Каражаттар бөлүнгөнгө чейин Чудиновдун кайненеси (Т. Шандецкая) компаниянын 24 пайыз акцияларын сатып алган.

Тергөөчүлөр компаниянын акцияларынын 95 пайызы парламент депутаты Акылбек Жапаров менен байланышкан кишилерге таандык деп эсептешет. Мисалы, компаниянын акцияларынын бир бөлүгүнө Жапаровдун аялы ээлик кылат.

УКМКнын тергөөчүлөрүнүн версиясы боюнча, 2017-жылдын биринчи мартына карата «Машина сыноо станциясы» компаниясынын мамлекетке болгон карызы 237 миллион сомдон ашкан. Кылмыш ишинин материалдарына караганда, 68 миллион сомдон ашуун акча максатсыз колдонулган.

Тергөөчүлөр мамлекет бул аркылуу ири өлчөмдө зыян тарткан деп эсептешет.

Акылбек Жапаров өзүнө каршы козголгон кылмыш иши жөнүндө эч нерсе билбей турганын билдирди.

«Азырынча мени бул маселе боюнча эч кайда чакырыша элек. Чакырышса, ошондо силерге комментарий бере алам», — деди ал.

Чудинов 24.kg маалымат агенттигине бул кылмыш иши тууралуу ЖМКдан билгенин айтты.

«Мени эч кайда чакырышкан жок, эч кандай расмий доомат коюшкан жок. Таптакыр түшүнүксүз кырдаал. Мен ага кандай комментарий беришти да билбейм, бергим да келбейт», — деди ал.

Кылмыш ишинде мурдагы айыл чарба жана суу чарба министрлери Чынгысбек Узакбаев менен Талаайбек Айдаралиевдин да аттары аталып жүрөт.

Ишти тергөө УКМКнын Тергөө башкармалыгына тапшырылды.


ТЕМА БОЮНЧА: