Кыргызстандыктар Орусия менен Казакстанга биометриялык паспорт менен кире алышат

Орусия менен Казакстан 2017-жылдын үлгүсүндөгү биометриялык паспортторду тааныды. Эми жаңы паспортторду бул өлкөлөргө кирүү, алардын аймагында жүрүү жана алардан чыгыш үчүн пайдаланса болот.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстан менен Орусиянын өкмөттөрү 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргызстандын биометриялык паспортторунун негизинде визасыз каттам тууралуу келишимге кол коюшканын билдирди.

Буга 2000-жылы Минскте Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Орусиянын өкмөттөрү кол коюшкан жарандардын өз ара визасыз каттамы тууралуу макулдашуу негиз болду.

2017-жылдын май айында Кыргызстада эски паспортторду жаңы үлгүдөгү биометриялык паспортторго алмаштыруу башталган.

Жаңы ID-паспортко чип киргизилген, анда анын биометриялык маалыматтары, жаран тууралуу маалыматтар жана анын электрондук-санариптик кол белгиси (ЭСКБ) сакталат.

Документтин өзүндө жарандын улуту, үй-бүлөлүк абалы жана жашаган дареги тууралуу маалыматтар жазылбайт — ал маалымат чипте сакталат.

Мындай паспорттор Кыргызстандын жарандарына мамлекеттик органдардын кызматынын Интернет аркылуу пайдаланганга жол берет.

Кыргызстандыктарга жаңы ID-паспорттор 2017-жылдын декабрына чейин бекер берилет.


ТЕМА БОЮНЧА: