Сүрөт: Катуу шамалдан улам Бишкекте 16 бак кулады

Жаан аралаш катуу шамалдан улам Бишкекте 29-майда 16 бак кулады. Тургундардын арасында эч ким жабыркаган жок, үч автоунаа талкаланды.

«Зеленстрой» муниципалдык ишканасынын башкы агроному Элнура Жолдошева Kloop.kgге  30-майга караган түнү Бишкекте катуу шамалдан улам 16 бак кулап, беш жерде чоң бутак түшкөнүн кабарлады.

Сүрөт: «АКИпресс».

Акыркы маалыматтар боюнча шамалдын ылдамдыгы секундасына 21 метрге жеткен.

«Зеленстройдун» адистеринин версиясы боюнча алардын кулашына топурактын өтө эле ным болушу жана шактар менен жалбырактардын салмагы оорлошуп кетиши да себеп болушу мүмкүн.

«Кээ бир кулап түшкөн бактардын тамыры чирик экени аныкталган», — деди Жолдошева.

Бактардын кулашынан адамдар жабыркаган жок, үч автоунаага зыян тийди. Зыяндын ордун толтуруу жөнүндө мэрия азырынча кабарлай элек.

Азыр бактардын сынып түшкөн бутактарын тазалаш үчүн 45 киши, үч атайын техника, төрт автомунара, үч автоманипулятор тартылды.

Мындан тышкары, шамал «Хайятт» меймаканасынын жанындагы гараждын чатырына жана короодо турган «Тойотага» зыян тийгизди.

ӨКМ ошондой эле Кара-Балта шаарында шамал көптөгөн турак үйлөрдүн чатырын учуруп кеткенин каттады. Эч ким жабыркаган жок. Мүлккө тийген зыян такталууда.

Сүрөт: Айбол Кожомуратов