Москвадагы шамалда эки кыргызстандык жаран жабыркады

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвадагы шамалдан эки кыргызстандык жаран жабыркаганын билдирди. Алардын бирөө текшерүүдөн кийин кое берилген, экинчисинин абалынын оордугун дарыгерлер орточо деп баалап жатышат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, Москвадагы катуу шамалдан Кыргызстандын эки жараны жабыркаган. Алар шаардык ооруканаларга жеткирилди.

Дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин жабыркагандардын бири үйгө кое берилген, экинчиси дагы эле ооруканада жатат. Дарыгерлер анын абалын орточо оор деп баалап жатышат.

Москвада 29-майда акыркы 19 жылда эң көп адам өмүрүн алган катуу шамал болду. Жаратылыш кырсыгынан 16 киши мерт болуп, 100дөн ашык адам ооруканада жатат.

Шамал миңдеген бактарды омкоруп, электр зымдарын үзүп, чатырларды сыйрып кетти. Абанын ылдамдыгы секундасына 28-30 метрге жетти.

ТЕМА БОЮНЧА: