Видео: Бишкекте эки айдоочу мушташа кетти

Бишкекте эки айдоочунун бири каршылаш тилкеге чыгып кеткенден кийин алар жолдун так ортосунда мушташа кетишти. Окуянын айынан жолдо тыгын келип чыкты, милиция териштирүүгө убада берип жатат.

30-май күнү кечинде Шабдан Баатыр жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде эки айдоочу мушташа кетти. Анын айынан жолдо тыгын келип чыкты.

Мушташка «Тойота Камринин» айдоочусу каршы тилкеге чыгып кеткен «Лексуска» жол бербей койгону себеп болгон.

Өтүп бараткан киши тартып алган видеожазмага караганда, айдоочулар көчөдө кетип бараткан автоунаалардын так ортосунда урушуп киришкен.

Кайгуул милиция башкармалыгы Kloop.kgге бул айдоочуларга чара көрүлөөрүн кабарлады.

«Бизге бул окуя белгилүү, ал боюнча иштеп жатабыз. Чара көрүлөт. Штраф да салынышы мүмкүн, бирок баары “Тойотанын” айдоочусу эмне кылганына жараша болот. Эгерде ал арыз жазса, анда башка кеп. Ал арызы менен милицияга кайрылышы керек. Кайгуул милициясы протокол гана түзөт», — дешти басма сөз кызматындагылар.


ТЕМА БОЮНЧА: