Авиакырсыктан кун алгандардын тизмеси июнда белгилүү болот

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, июнь айында бийлик «Боинг-747нин» кулашынан жабыр тарткандарга каражаттарды кантип бөлүштүрүп бергенин ачыкка чыгарат. Бул билдирүү super.kg порталынын журналисттери мекемени сотко бергенден кийин чыкты.

Super.kg порталынын журналисттери ӨКМни Бишкек райондор аралык сотуна бергенден кийин аталган мекеме 102 млн сомду жабыр тарткандарга кандайча бөлүштүрүп бергени тууралуу маалыматты ачыкка чыгараарын билдирди.

ӨКМнин басма сөз катчысы Элмира Шарипова Kloop.kgге курган маегинде айткандай, учурда мекеме болуп өткөн кырсык жөнүндөгү 400дөн ашык беттен турган маалыматты карап жатат.

Анын айтымында, май айында көптөгөн чукул кырдаалдарга туш болгонуна байланыштуу ӨКМ бул маалыматты жарыялаган эмес.

«Журналисттер чындыгында бизге бир нече жолу телефон чалышып, почтабызга каттарды жазышкан. Бирок биз аларга маалымат бербейбиз деп баш тарткан эмеспиз, жакын арада баарына жарыялайбыз деп айтканбыз», — деп билдирди Шарипова.

Бийлик ӨКМнин эсебине келип түшкөн каражаттарды кырсык болгондон төрт айдан кийин 2017-жылдын апрель айында бөлүштүрүп берген.

Анда мамлекет каражаттардын кантип бөлүштүрүп берилгенин ачыкка чыгаруудан баш тартып, муну жабыр тарткандардын коопсуздугун камсыздоо менен байланыштырган.

«Боинг-747» «Манас» аэропортуна жакын жайгашкан Дача-СУ кыштагына 16-январда кулап түшкөн.

Кырсыктын натыйжасында 39 киши, анын ичинде экипаждын төрт мүчөсү көз жумган. Мамлекет келтирилген зыянды 195 млн сом деп баалаган.

Кулаган учакка ээлик кылган түрк компаниясы компенсациянын бир бөлүгү болгон 42 млн сомду төлөп берген. Компания кундун калган бөлүгүн төлөп бергенден кийин бийлик бул сумманы жабыр тарткандарга бөлүштүрүп берүүгө убада берген болчу.


ТЕМА БОЮНЧА: