Бишкектин эки паркында аттракциондордун иши токтотулат

Мамэкотехинспекция Ататүрк паркы менен Асанбай кичирайонундагы аттракциондордун ишин 2-июндан тарта токтотот. Буга аттракцион ээлеринин уруксат кагаздары жок болгону негиз болгон.

Мамэкотехинспекция Бишкектин парктарындагы аттракциондорду текшерип чыккан. Ататүрк сейил багы менен Асанбай кичирайонундагы парк өз иштерин 2-июндан тарта токтотушу керек.

Аттракциондордун ээлери аларды орнотуш үчүн жана электр тогуна туташтырганга уруксат кагаздарын көрсөтө алган эмес.

Парктарды текшерүү иштери Ош шаарынын Навои сейил багындагы карусель кулап кеткенден кийинки шартта жүрүп жатат. Каруселдин кулашынан сегиз киши жабыркап, алардын айрымдары реанимацияга жаткырылган.

Оштогу каруселдин кулашы факты боюнча «Техникалык коопсуздук эрежелеринин бузулушу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ош шаардык бийлиги аттракциондун орнотулушуна тиешеси жок экенин билдиришип, кырсык боюнча жоопкерчилик алуудан баш тартышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: