Депутат: «Дыйкан» базарынын жабылышы — «өкмөттүн рейдерлик басып алуусу»

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков өкмөттү «Дыйкан» базарын «рейдерлик жол менен басып алуу» боюнча айыптады. Эл өкүлдөрү базардын жабылышын териштире турган депутаттык комиссия түзүштү.

Момбековдун айтымында, милиция «Дыйкан» базарын күч менен жаап салган.

«Милиция адамдардын бир бөлүгүн сабап, бир бөлүгүн камап, күч менен базарды жаап атат. Бул деген өкмөттүк деңгээлде чыныгы рейдерлик да. Керек болсо Бакиевдин учурунда мындай болгон эмес», — деп билдирди ал.

Момбековдун оюнча, өкмөт өз иш-аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек.

«Өкмөт прокуратуранын чечимин эске алган жок, биз аларга базардын жанындагы мунай базасын жабуу тапшырмасын бергенбиз, алар "Дыйкан" базарын жаап салышты. Ал жерде беш гектар жер бар, кимдир бирөөнүн бул жерде кызыкчылыгы бар», — деди ал.

Парламент спикери Чыныбай Турсунбеков депутатты колдоп, базардын жабылышын териштире турган депутаттык комиссия түзүлгөнүн билдирди.

«Дыйкан» базары 24-майда жабылган. Базардагы соодагерлер 23-май күнү кечинде ал жердин жабылышына каршы митингге чыгышып, 11 жумушчу милиция кызматкерлерине баш ийбегени үчүн кармалган — алар жумуш орундарын бошотпой коюшкан болчу.

Мурда базардын жумушчулары бир нече жолу митингдерди өткөрүшүп, Ак үйгө да базарды жаппоо талабы менен барышкан.

Базардын жабылышынын негизги себеби — жанындагы мунай базасынын адамдардын коопсуздугуна коркунуч туудурушу.

«Базарда кошумча чыгуулар жок жана кандай гана чукул кырдаал жаралбасын кырсыкка алып барышы мүмкүн», — деп кабарлайт мэрия.

Мындан ары шаардыктар айыл-чарба өндүрүштөрүн «Дордой-Дыйкан» жана «Сары-Өзөн Дыйкан» базарларынан ала алышат.


ТЕМА БОЮНЧА: