Видео: Ата-энесинен ажыраган окуучу дубалдарга сүрөт тартып иштейт

Санжар Субанкулов Ош шаарында 10-класста окуйт. Ал ата-энесинен айрылгандан кийин агасы жана карындашы үчөө калган. Үй-бүлөсүнө кол кабыш кылыш үчүн мектеп окуучусу дубалдарга сүрөт тартып иштейт. Тилектештери менен биригип, келечекте бул өнөр менен профессионалдык түрдө алектенсем деп кыялданат.

Санжар алты жаш кезинде ата-энеси ажырашып, апасы Орусияга иштегени кеткен. Балдар атасы менен калышкан. Кыйынчылыктарга карабастан атасы уулунун шыгын байкап калып көркөм сүрөт мектебине берип койгон.

«Акча жетчү эмес. Атам көп иччү, бул мага жакпай депрессия болгом. Бирок мен аны жакшы көрөм, ал менин атам да. Апам Орусияда иштеп, ай сайын бизге акча жөнөтчү. Ал акчага биз азык-түлүк, кийим-кече жана башка керек болгон буюмдарды алчубуз», — деп айтып берди Санжар.

Үй-бүлөсүнө акча салып турган эне 2013-жылы көкүрөк бези өсмөсүнөн көз жумган. Анда Санжар 13 жашта болчу. Апасы илдетке чалдыкканын акырына чейин айтпай келген.

«Апам дарыланыш үчүн Бишкекке барганда оорусу акыркы баскычка жетип калган экен. Эки айдан кийин ал көкүрөк бези өсмөсүнөн көз жумду. Анда ал 50 жашта болчу», — деп эскерди Санжар.

Төрт жылдан кийин — 2017-жылдын мартында — өсмөдөн атасы да каза болгон. 10-класстын окуучусу агасы жана карындашы үчөө калган.

«Ал өпкө өсмөсүнөн кайтыш болду. Атам мен үчүн эң кымбат адам болгон. Мен аябай кыйналып, мындан ары эмне кылышым керек экенин билбей жүрдүм», — деди окуучу Санжар.

Дендароо абалдан кичине алыстай түшкөндөн кийин Санжар өз жөндөмү тууралуу эстеген: ага ар дайым сүрөт тарткан жакчу, көркөм сүрөт мектебинде алган билими да текке кеткен эмес. Санжарды айтымында, ата-энеси да жакшы сүрөт тартышчу.

Өспүрүм өз хоббисин — дубалдарга сүрөт тартууну — акча таап ишкердикке айлантайын деп чечкен. Ал граффитичилер колдонгон баллончиктер менен иштебейт, ал май боёкторду пайдалант. Бул идеяны ага качандыр бир кезде классташ кызы берген.

«Ал мага келип бир нерсе тартканга жардам берип коюшумду айтты. Мен кагазга кадыресе эле сүрөт болот го деп ойлогом. Бирок мен алгачкы жолу аны менен дубалга сүрөт тарткам — бул мен үчүн ачылыш болуп калган», — деди ал.

Биринчи картинасын жараткандан кийин Санжар ошого окшош иштерди изилдей баштаган. Ал тартып берген кийинки сүрөтү үчүн акча төлөп бере башташкан.

«Ошол табыштама үчүн мен алты миң сом алгам. Кардар табыш мага кыйын болгон, анткени менин аларга көрсөтө турган сүрөттөрүм жок болчу. Бир жолу кардарга интернеттен алган сүрөттөрдү көрсөтүп, мен тарттым деп калп айтып койдум. Башка тандоом да жок эле, анткени кардар табышым керек болчу. Ал ишенип, табыштама берген», — деп ыймандай сыры менен бөлүштү жаш сүрөтчү.

Санжар сүрөт тартуунун жаңы ыкмаларын өздөштүргөнчө окуусу менен жумушун бирге алып кетүүгө аракет кылат. Тажрыйба топтоо менен ага табыштамалар да көп келе баштаган. Анын ишинин баасы сүрөттөн көз каранды болот. Анын картиналары майда деталдарга жана элементтерге жык толгон.

Өз айланасында жаш сүрөтчү тилектештерин топтой алган. Алар да Санжардай эле көркөм сүрөт искусствосуна кызыгышат. Балдар Ош шаарында дубал сүрөттөр менен алектенген уюм ачкычы келет. Алар уюмуна HomeArt деген аталыш да таап коюшкан.

«Мен ар бир күнүмдү акыркысы го деп жашап келем. Акыркы күнүндө адам бүтпөгөн жумуштарын бүтүрүп, маанилүү нерсени жасап үлгүрүп калгысы келет», — деди Санжар Субанкулов.


ТЕМА БОЮНЧА: