«Ак-Ордо» конушунун жашоочулары жаш кызды зордуктоого аракет кылган адамды кармашты

Интернетте Чүйдүн Сокулук районуна караштуу «Ак-Ордо» конушунун тургундары колу байланган кишини сабап атканы тартылган видео пайда болду. Милициядан кабарлашкандай, сабалган кишиге карата жергиликтүү тургундардын арызы менен кылмыш иши козголгон.

Чүй облусунун ИИББнин басма сөз борборунун өкүлү Нурбек Токтосунов Kloop.kgге айткандай, колу байланган адамдын токмоктолуп атканы тартылган видео 2017-жылдын 3-апрелинде чыккан.

Андан соң Сокулук районунун ИИБине «Ак-Ордо» конушунун тургундарынан кичинекей кызга тийишкен кишини кармап алганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Ал кичинекей кызды коркутуп, зордуктоого аракет кылган, бирок жыныстык катнаш болгон эмес», — деди Токтосунов.

Жаңы конуштун тургундары ал кишиден бычагын тартып алып, анын колун байлап коюшкан.

Андан кийин тургундар ал адамды Сокулук районундагы милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бул факт боюнча Сокулук районунун тергөө бөлүмү тарабынан «Зордуктоого аракет кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иштин материалдары 2-июнда Сокулук райондук сотуна өткөрүлүп берилген.