Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча отурум кийинкиге жылды

Оппозициячы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча алгачкы отурум Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда өттү. Соттук отурум Текебаев жана анын адвокаттары иш менен таанышып бүтө элек экенине байланыштуу 8-июнга жылдырылды.

Текбаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова билдиргендей, жоопкер тарап майрам күндөрүнө байланыштуу убакыт жетпей иштин материалдары менен тааныша алышкан эмес.

Айыптоочу тараптын билдиришинче, жоопкерлер иш менен таанышуу укугунан пайдаланышкан. Бирок судья жараянды видеого тартууга тыюу салып, ишти кароону кийинкиге жылдырып койду.

Ошондой эле Текебаевдин адвокаттары саясатчы орус ишкери Леонид Маевский менен жолугушкан эмес экенин билдиришип, соттон муну тастыктай ала турган 40тан ашуун күбөдөн сурап көрүшүн өтүндү.

Адвокаттар күбө катары президент Алмазбек Атамбаевдин да чакырууну өтүнүштү. Анткени Атамбаев Текебаев сыяктуу эле 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп турган. Бирок айыптоочу тарап президенттин бул ишке тиешеси жок экенин билдирди.

Текебаев өзү болсо өзүнүн ак экенин далилдөө үчүн күрөшөөрүн айтты.
«Мен моралдык жактан артыкчылыкты сезип турам жана тарыхый күрөштөн уттум деп эсептейм», — деди Текебаев.

Отурум өтүп жаткан учурда Текебаевдин тарапташтары соттун имаратынын жанында айыпталып жаткандардын бошотулушун талап кылып турушту. Андан тышкары Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун Акман айылында дагы Текебаевдин 100дөй тарапташынын митинги өттү.

Видео эфир:

Текебаевдин камалышы

«Ата Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевге «Коррупция» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ал командировкадан келатканда 26-февралга караган түнү «Манас» аэропортунда кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, «Мегаком» компаниясын башкарууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы Текебаевдин колуна бир миллион доллар берген. Чотонов болсо, Текебаев менен Маевскийдин ортосунда ортомчулук кылган.

Текебаев коюлган айыпты четке кагып келет жана анын оюнча, кылмыш иши саясий мүнөзгө ээ. Саясатчынын кесиптештери да Текебаевдин камалышын «саясий куугунтук» деп аташкан.

Текебаев менен Чотоновдун тарапташтары Бишкекте да, Ош жана Жалал-Абад облустарында да бир канча күн катары менен саясатчыларды коё берүү талабы менен митинг өткөрүшкөн.