УКМК: Маммүлктүн мурдагы башчысы Шералы Абдылдаев Текебаевдин иши боюнча фигурант

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдиргендей, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы башчысы Шералы Абдылдаев оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча фигурант болуп эсептелет. Абдылдаевге коррупция боюнча сырттан айып тагылып, издөө салынды.

Биринчи май райондук соту Абдылдаевди камакка алуу боюнча чечим чыгарды.

Бирок, тергөөнүн версиясы боюнча, айыпталуучу жашырынып жүргөндүктөн аны атайын кызматтар издей башташкан.

Абдылдаев 2010-жылдын апрель айынан тарта ошол кездеги Мамлекеттик мүлк министрлигин 2012-жылга чейин башкарып турган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, дал ошол 2010-жылы Текебаев «Мегаком» компаниясын башкарууга мүмкүнчүлүк бериш үчүн орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 миллион доллар өлчөмүндөгү пара алган.

Бул иш боюнча мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов да өтүп жатат. Тергөөчүлөрдүн оюнча, ал Текебаев менен Маевскийдин бүтүмүнө ортомчулук кылган.

Текебаев коюлган айыпты четке кагып, козголгон кылмыш иш саясий мүнөзгө ээ деп эсептеп келет. Саясатчынын кесиптештери да Текебаевдин камалышын «саясий куугунтук» деп аташкан.

Текебаев менен Чотоновдун тарапташтары Бишкекте да, Ош жана Жалал-Абад облустарында да бир канча күн катары менен саясатчыларды коё берүү талабы менен митинг өткөрүшкөн.


ТЕМА БОЮНЧА: