Дастан Шаршеев атаандашын нокаут кылды

Казан шаарындагы чуулгандуу беттеши менен белгилүү болгон кыргыз мушкери Дастан Шаршеев тай боксу боюнча эл аралык турнирде атаандашын нокаут менен жеңип алды.

Мушташтын биринчи айлампасында Шаршеев жеңишти колго алып турган, бирок экинчи айлампада анын атаандашы үстөмдүк кылып койгон. Ал эми үчүнчү айлампада болсо кыргыз мушкери атаандашын нокаут кылып, жеңип алган.

Тай боксу боюнча эл аралык турнир Бангкок шаарында өткөн. Анда кыргыз спортчусу таиланддык Сантипаб Бункрианг менен күч сынашкан.

Шаршеевдин айтымында, таймаш TNA эрежелери боюнча өтө турган чемпионатта Антон Калинин менен кайра күч сынашууга даярдыктын алкагында өткөн. Беттешүү Казан шаарында 27-июнда болот.

Буга чейин кыргыз мушкери Шаршеев менен орусиялык Антон Калининдин ортосундагы мушташ 22-апрелде Казанда болуп өткөн.

Айлампа аяктаган соң калыстар тобу орусиялык мушкердин пайдасына чечим чыгарып койгон. Шаршеев мындай жыйынтыктарга макул болбой, рингден чыгып кетүүдөн баш тарткан. Рефери рингден кетүүдөн баш тартуу депортацияга себеп болушу мүмкүн экенин айткан.

Анын сөзү да Шаршеевди ынандырган эмес. Кыргыз мушкери мелдештин алып баруучусунан микрофонду тартып алып, көрүүчүлөргө кайрылган. Андан кийин гана спортчу рингден чыгып кеткен.

Андан кийин Шаршеев лиганын жетекчилиги машыктыруучусунан кечирим сураганын, ал эми Калининдин өкүлдөрү кайра мушташ өткөрүүнү сунуш кылышканын айткан.


ТЕМА БОЮНЧА: