Садыр Жапаровдун соту 12-июнга жылды

Биринчи май райондук соту парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун ишин кароону саясатчынын адвокаттарынын бири ооруп калганына байланыштуу 12-июнга жылдырды.

Жапаровдун адвокаттары билдиришкендей, сотто Жапаровдун да кызыкчылыгын коргогон кесиптеши Акин Токтоналиевге отурумдун болоору тууралуу кабар беришкен эмес. Алар кабарлашкандай, Токтоналиев ден соолугуна байланыштуу сотко да келе алган эмес.

«Мына Токталиевдин арызы, Садыр Нургожоевич [Жапаров] да макул болот болуш керек. Ошондуктан соттук отурумду башка күнгө жылдырууну өтүнөм. Отурумдарда мындан кийин да чогуу катышкыбыз келет», — деди Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов.

Сот адвокаттардын өтүнүчүн канаттандырып, кийинки отурумду 12-июнга белгиледи.

Угуулар ачык тартипте өттү, бирок сот залына бардык журналисттер киргизилген жок. Милиционерлер муну «залда бош орун калбай калганы менен» түшүндүрүштү.

Жактоочулар жана айыпталып жаткан Жапаров да угуулар башталаардан мурда бардык жараянды судьядан сүрөткө жана видеого тартуу менен өткөрүшүн өтүнүштү.

Бирок соттун төрагасы Эмилбек Кайыпов биринчи отурумда гана тартууга уруксат берди.


ТЕМА БОЮНЧА: