Учак кырсыгы: Кун тууралуу маалыматтар сот аркылуу ачыкка чыгарылбайт

Бишкектин райондор аралык соту Super.kg порталынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине каршы доо арызын четке какты. Сот өндүрүш үчүн жетишээрлик негиздемелердин жок экенине байланыштуу доо арызды кабыл алган эмес.

Super.kg порталынын редакциясы Дача-СУ айылынын тургундарына 102 млн сомдун кандайча бөлүштүрүлүп берилгени тууралуу маалыматты ачыкка чыгарбаганы үчүн ӨКМге каршы сотко доо арыз менен кайрылган.

Доо арыз берилгенден кийин ӨКМ кундун бөлүштүрүлгөнү тууралуу маалыматты июнь айында ачыкка чыгараарын билдирген.

ӨКМнин басма сөз катчысы Элмира Шарипова Kloop.kgге курган маегинде айткандай, учурда мекеме болуп өткөн кырсык боюнча 400дөн ашык беттен турган маалыматты карап жатат.

Анын айтымында, май айында көптөгөн чукул кырдаалдарга туш болгонуна байланыштуу ӨКМ бул маалыматты жарыялаган эмес.

Бийлик ӨКМнин эсебине келип түшкөн каражаттарды кырсык болгондон төрт айдан кийин 2017-жылдын апрель айында бөлүштүрүп берген.

Анда мамлекет каражаттардын кантип бөлүштүрүп берилгенин ачыкка чыгаруудан баш тартып, муну жабыр тарткандардын коопсуздугун камсыздоо менен байланыштырган.

«Боинг-747» түрк учагы «Манас» аэропортуна жакын жайгашкан Дача-СУ кыштагына 16-январда кулап түшкөн.

Кырсыктын натыйжасында 39 киши, анын ичинде экипаждын төрт мүчөсү көз жумган. Мамлекет келтирилген зыянды 195 млн сом деп баалаган.

Кулаган учакка ээлик кылган түрк компаниясы компенсациянын бир бөлүгү болгон 42 млн сомду төлөп берген. Компания кундун калган бөлүгүн төлөп бергенден кийин бийлик бул сумманы жабыр тарткандарга бөлүштүрүп берүүгө убада берген болчу.


ТЕМА БОЮНЧА: