150 миң сомго тамак уюштурганы үчүн агенттиктин жетекчиси сөгүш алды

Инвестиция тартуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Алымбек Орозбеков чет элдик делегация менен 150 миң сомго тамактанган. Агенттиктин бухгалтериясы жолугушууда премьер-министр да болгонун отчетто көрсөткөн. Бирок өкмөт башчысы ал жерде болбогондуктан Орозбековго сөгүш жарыялаган.

Инвестиция боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алымбек Орозбеков чет элдик делегацияга былтыркы жылдын октябрында «Супара» этнографиялык комплексинде кечки тамак уюштурган.

Делегацияга уюштурулган кечки тамак өкмөткө 150 миң сомго турган.

Кыргыз ЖМКлары агенттиктин отчетуна шилтеме кылып жолугушууда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков да болгонун жазып чыгышкан.

Бирок өкмөт кызматтык иликтөө жүргүзүп, натыйжада Жээнбеков кечки тамакка барбаганын билдирди. Иликтөө иштери сегиз айга созулган.

Жыйынтыгында премьер-министр Орозбековго сөгүш жарыялап, башкы бухгалтерди «бухгалтердик документтерди жөнү жок толтурганы» үчүн кызматтан алган.

Коротулган каражаттын суммасына өкмөт тараптан доомат болгон эмес.

Сүрөт: «Тазабек».