Айсулуу Тыныбекова дүйнөдөгү эң күчтүү үч балбан кыздын бири

Кыргыз спортчусу, Азия чемпиону Айсулуу Тыныбекова эл аралык күрөш федерациясынын дүйнөлүк рейтингинде 3-орунду алды. Дагы үч кыргызстандык спортчу мыкты 20 спортчунун катарына кирди.

Азиянын эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова май айындагы дүйнөлүк рейтингин жыйынтыгы боюнча бир тепкич көтөрүлүп, эл аралык күрөш федерациясынын версиясы боюнча мыкты үч күрөшчү кыздын катарына кирди.

58 кг чейинки салмак категориясында 1-орунду төрт жолку олимпиада чемпиону, жапониялык Каори Ичо ээледи. 2-орунда Африканын чемпиону Марва Амри жайгашты.

Орусиялык Валерия Коблова 2-орундан 4-орунга төмөндөп, алдыңкы бешилтикти индиялык Сакши Малик жапты.

Тыныбекова май айында болуп өткөн Азия чемпионаты менен Исламиадада оюндарынан эки алтын медал утуп алган.

Күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалында Тыныбекова индиялык спортчуга эч мүмкүнчүлүк берген эмес, ал эми Исламиада-2017де азербайжандык спортчу Алена Колесникти кыйналбай эле жеңип койгон.

Эркек балбандардын алдыңкы 20сына Кыргызстандан үч спортчу кирген. Алар: Магомед Мусаев, Муслим Евлаев жана Эламан Догдурбек уулу.

Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси Муслим Евлаев 74 кг салмак категориясында 8-орунду ээлеген. Ал март айында Яшар Догу-2017 турниринде дүйнө чемпиону орусиялык Хетаг Цаболовду жеңип, алтын утуп алган болчу.

Муслим Евлаев Исламидада-2017. Сүрөт: Жаштар, дене тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттик.

Евлаев май айында күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүшкө, андан кийин Исламидадада алтын медалга ээ болгон. Бул кыргыз спортчусуна дүйнөлүк рейтингде 11 тепкич көтөрүлгөнгө өбөлгө түзгөн.

70 кг чейинки салмак категориясында 9-орунду Венгриядагы дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Эламан Догдурбек уулу ээлесе, 97 кг салмак категориясында Азия чемпионатында коло медал утуп алган Магомед Мусаев 19-орунду алган.

Сүрөт: Денис Богачов/«Бишкекчанка»