БУУнун баш катчысы Кыргызстанга келет

Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш Кыргызстанга 11-июнда келет. Ал президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, андан соң 2010-жылдагы Ош окуяларына карата өтө турган иш-чарага катышмакчы.

Гутеррештин Борбор Азия өлкөлөрүнө сапары 8инен 13-июнга чейин болуп өтөт.

БУУнун баш катчысы Кыргызстанга 11-июнда келет. Ал өлкө башчысы менен жолугушмакчы.

Президент менен жолугушкандан кийин Гутерреш Ошко жөнөп кетет. Ал жерде 2010-жылдагы Ош окуяларына арналган иш-чарага катышат.

Өзбек жана кыргыздардын ортосундагы улут аралык жаңжал Ош жана Жалал-Абад шаарларында 10унан 14-июнга чейин болгон.

Финляндиялык Киммо Кильюнен жетектеген эл аралык комиссиянын маалыматы боюнча, улут аралык кагылышта 470 киши набыт болгон. Алардын 74 пайызын өзбек тектүүлөр түзгөн болсо, 25 пайызы кыргыздар, ал эми дагы бир пайызы башка улуттун өкүлдөрү болгон.

Баш катчынын Борбор Азияга сапары

БУУнун баш катчысынын сапары Астана шаарында ШКУга кирген өлкө башчыларынын кеңешине барып, андан кийин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзияев менен жолугушуу менен башталат.

Кыргызстанга келгенден кийин Гутерреш Түркмөнстанга бармакчы. Ал жакта терроризм менен күрөшүү боюнча талкуу өтөт. Андан соң Тажикстандын президенти менен жолугушуу үчүн Дүйшөмбү шаарына учуп кетет.

Антониу Гутерреш — Португалиянын мурдагы премьер-министри жана БУУнун 10-баш катчысы.

Бул анын БУУнун баш катчысы катары Кыргызстанга алгачкы сапары.