Текебаевдин соту белгисиз мөөнөткө жылды

Биринчи май райондук сотунда оппозициялык саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы депутат Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча экинчи отурум өттү. Судья оппозициячы саясатчылардын ишин кароону белгисиз мөөнөткө жылдырды.

Жактоочу тарап Чотоновду үй камагына чыгарууну сотто өтүнүштү, бирок судья Айбек Эрнис уулу бул өтүнүчтү четке кагып, аларга даттануу үчүн он күн убакыт берди.

Чотоновдун адвокаттары тыныгуудан кийин эле судьянын чечимин Бишкек шаардык сотуна даттанашты. Ошондуктан иштин маңызы боюнча отурум белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Жактоочулар соттук отурумду сүрөткө жана видеого тартууга уруксат беришин эки жолу өтүнүштү.

2-бөлүк (түштөн кийинки соттук отурум):

Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова билдиргендей, жараян саясий болуп жаткандыктан аны тартыш керек.

«Кыргызстандын эли бул иш боюнча чындыкты эч кандай бурмалоосуз көрүшү керек. Бардык жергиликтүү жана мамлекеттик ЖМКларда чет элдик Леонид Маевскийдин биздин коргообуздагы эки кишинин саясий беделине көө жапкан көрсөтмөсүн бир нече жолу, максаттуу түрдө кайра-кайра кайталап көрсөтүштү», — деди ал.

Бирок сот бул өтүнүчтү да себебин түшүндүрбөй туруп четке кагып койду.

Сот имаратынын жанында митинг өткөрүшкөн Текебаевдин тарапташтары салынган тыюуга каршылыгын билдиришти. Митингчилер бийлик чындыкты жашырып жатканын айтышып, көздөрүн ак кездеме менен таңып алышты.

Сүрөт: Регина Им.

Оппозициячы Текебаевдин партиялашы Алмамбет Шыкмаматов сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салуу Текебаевдин жана башка жарандардын укуктарынын «одоно түрдө бузулушу» деп билдирди.

«Өмүрбек Чиркешович өзүнүн ак экенине ишенет, ошондуктан ал коомдук көзөмөл аркылуу аны далилдегиси келет. Тергөө органдары жана соттор жараянды жабык кылып атышат. Мындан улам Текебаевге каршы чогултулган далилдер атайын жасалган же ишеничтүү эмес деп ойлогонго бардык негиздер бар. Эгерде жетиштүү далилдер болгондо, анда алар да жараяндын коомчулукка ачык түрдө өтүшүнө кызыкдар болмок», — деди ал.

Шыкмаматов кошумчалагандай, бийлик соттук отурумга көз салгысы келгендердин баары бата тургандай чоңураак жер бөлүп бериши керек.

1-бөлүк (түшкө чейинки соттук отурум):

Соттук отурумга байкоочу катары катышкан укук коргоочу жана мурдагы депутат Чолпон Жакупованын айтымында, судья жактоочулардын өтүнүчтөрүн эч негизсиз эле канааттандырбай коюу менен мыйзамдарды бузган.

Сот Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча бир жолу отурум өткөргөн. Анда жактоочулар иштин материалдары менен таанышып бүтө электигине байланыштуу отурум кийинкиге жылдырылган.

Текебаевдин камалышы

«Ата Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевге «Коррупция» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ал командировкадан келатканда 26-февралга караган түнү «Манас» аэропортунда кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, «Мегаком» компаниясын башкарууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы Текебаевдин колуна бир миллион доллар берген. Чотонов болсо, Текебаев менен Маевскийдин бүтүмүнө ортомчулук кылган.

Текебаев коюлган айыпты четке кагып келет жана анын оюнча, кылмыш иши саясий мүнөзгө ээ. Саясатчынын кесиптештери да Текебаевдин камалышын «саясий куугунтук» деп аташкан. Чотонов да коюлган күнөөнү мойнуна алган эмес.

Текебаев менен Чотоновдун тарапташтары Бишкекте да, Ош жана Жалал-Абад облустарында да бир канча күн катары менен саясатчыларды коё берүү талабы менен митинг өткөрүшкөн.

Видеотрансляция: Арсений Мамашев, Тилек Бейшеналы уулу, Регина Им.
Видеотрансляциянын режиссеру: Азат Рузиев.