Ош мэриясынын басма сөз борбору килемдеги Кадырбаевдин сүрөтүн «кара пиар» деп атады

Оштун мэри Айтмамат Кадырбаевдин килем үстүндө сөз сүйлөп жаткандагы сүрөттөрү коомдук желелердин колдонуучуларынын тамашасына себеп болду. Мэриянын басма сөз борборундагылардын ою боюнча, бул сүрөттөрдүн интернетте таратылышы «кара пиар» болуп эсептелет.

Ош мэриясынын басма сөз борборунун башчысы Талант Канатбек уулу шаар мэри Кадырбаевге карата «кара пиар» болуп жатат деп эсептейт.

«Кызыктар адамдар коомдук желелерге сүрөттөрдү чыгаруу менен кандайдыр бир чагым кылып жатат. Бул "аракеттер" мэрге көө жаба албайт», — деди ал.

Канатбек уулунун айтымында, килем мэрге көрсөтүлгөн урмат гана болуп эсептелет. Ал кошумчалагандай, кызыл килемде мурдагы шаар башчылары да сүйлөгөн.

«Учурда министрлер, губернаторлор жана мэрлер килем үстүндө сөз сүйлөп жатышат. Бул жерде мыйзам бузуу болгон жок», — деди ал.


ТЕМА БОЮНЧА: