Сүрөт жыйнак: Кыргыз аткаминерлери көчөдө сүйлөсө да килемдин үстүндө

Коомдук желелердин колдонуучулары көчөдө сүйлөгөн сөздөрү учурунда да килем үстүнө туруп алган Оштун мэри Айтмамат Кадырбековду тамашалай башташты. Бирок Оштун шаар жетекчиси килем үстүндө сөз сүйлөгүсү келген жалгыз эле саясатчы эмес.

Коомдук желелерде Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин сөз сүйлөп жаткан учурларда тартылган сүрөттөрү тарап кетти. Интернет колдонуучулар Кадырбаев сөзсүз түрдө кызыл килемде туруп алып сөз сүйлөгөнүн тамашага салышкан.

Айтмамат Кадырбаев.

Бирок килем үстүндө сөз сүйлөгөн саясатчы — жалгыз эле Оштун мэри эмес. Kloop.kg жөнөкөй эле жерде туруп сүйлөгөнгө караганда килемдерде туруп сөз сүйлөгөндү артык көргөн саясатчыларды топтоду.

Ош мэринин орун басары Шухрат Сабиров да жетекчиси сыяктуу килем үстүндө сөз сүйлөөнү артык көрөт. Мисалы, 2016-жылдын жай мезгилинде «Ошгаз» филиалынын имаратынын ачылышында ал ошенткен.

Шухрат Сабиров.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков Баткен облусунда 2014-жылы эки мектептин ачылышында килем үстүндө сөз сүйлөгөн.

Жеңиш Разаков Дархун айылында мектептин ачылышында.
Жениш Разаков Көк-Таш айылында.

Кызыл килемде премьер-министр Сооронбай Жээнбеков да сөз сүйлөгөн. Ал 2016-жылы Ошто эстакадалык көпүрөдөн үнөмдөлгөн каражатка салынган дагы бир көпүрөнүн ачылышында болгон.

Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Темир Сариев дагы кызыл килем үстүндө сөз сүйлөп жатканы тартылып алынган. Ал 2015-жылы  Ош шаарындагы Ататүрк паркынын ачылышында сөз сүйлөгөн.

Темир Сариев.

Килем үстүндөгү президенттер

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев килем үстүндө 2013-жылы Нарын облусундагы Көкөмерен дарыясына салынган көпүрөнүн ачылышында сөз сүйлөгөн.

Алмазбек Атамбаев.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 2017-жылдын апрель айында жүзүм багына Өзбекстандын президенти Шавкатом Мирзиеев менен барган. Президенттердин жолуна бактын ичинде килем төшөлгөн.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да бир нече жолу килем үстүндө сөз сүйлөгөн. Ал дагы Назарбаевдей эле 2015-жылы Согд жүзүм бактарына барганда жолуна килем төшөлгөн.

Эмомали Рахмон.