Түрк компаниясы учак кырсыгында каза болгондордун туугандарын Анталияда эс алдырат

Дача-СУга кулаган учакка ээлик кылган «ACT Airlines» авиакомпаниясы менен түрк камсыздама компаниялары учак кырсыгынан набыт болгондордун 39 тууганынын Анталиядагы бир апталык эс алуусун каржылап берди. Эс алуу менен бирге аларга психологиялык жардам да көрсөтүлмөкчү.

Түркияга 39 кишинин эс алып келишин «ACT Airlines» менен түрк камсыздама компаниялары колго алган.

«Түрк тарап менен каза болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын реабилитация кылуу боюнча болгон сүйлөшүүлөрдө коюлган шарттардын бири балдарга эс алуу уюштуруу болчу», — деди Кыргызстандын вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев.

Бир апталык эс алуу маданий жана реабилитациялык бөлүктөрдөн турмакчы. Андан тышкары аларга психологиялык жардам да көрсөтүлөт.

«ACT Airlines» авиакомпаниясы кундун бир бөлүгү болгон 42 млн сомду мамлекеттин эсебине которуп берген. Бийлик бул каражатты авиакомпания толук сумманы которуп бергенден кийин жабыркагандарга таратып берээнин убадалаган.

Учак кырсыгынан жабыркагандарга буга чейин бөлүштүрүлүп берилген 102 млн сомдун чоо-жайын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги июнь айында ачыкка чыгараарын билдирген.

ӨКМнин атайын эсебине келип түшкөн каражат Дача-СУнун тургундарына кырсыктан төрт ай өткөндөн кийин бөлүштүрүп берилген. Анда мамлекет каражаттардын кантип бөлүштүрүп берилгенин ачыкка чыгаруудан баш тартып, муну жабыр тарткандардын коопсуздугун камсыздоо менен байланыштырган.

«Боинг-747» «Манас» аэропортуна жакын жайгашкан Дача-СУ кыштагына 16-январда кулап түшкөн.

Кырсыктын натыйжасында 39 киши, анын ичинде экипаждын төрт мүчөсү көз жумган. Мамлекет келтирилген зыянды 195 млн сом деп баалаган.


ТЕМА БОЮНЧА: