Атамбаев БУУнун баш катчысы менен жолугушууда эки жолу «заң» деген сөздү айтты

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев БУУнун баш катчысы менен болгон расмий жолугушуу учурунда биринчи жолу «заң» деген сөздү эки жолу оозуна алган тарыхтагы алгачкы өлкө башчысы болуп калды.

Мындай деңгээлдеги жолугушуу учурунда айтылган сөздү Кыргызстандын президенти журналисттер менен саясатчылар жөнүндө сөз кылып жатып айтты.

«Билесиңерби, эмнегедир саясатчылар менен журналисттердин арасында, кечирим сурайм албетте, аябай көп заң бар. Бул өлкө үчүн жаман. [...] Жети жылдын ичинде канча нерв менен канды ичишти, өлкөнүн көйгөйлөрү эмес, саясатчылар менен өздөрүн журналист деп атап жүрүшкөн адамдардын арасындагы заң», — деди ал.

Атамбаевдин сөзү журналист Улугбек Бабакуловго каршы атайын кызмат кылмыш ишин козгошуна карата реакция болуп калды.

Кыргызстандагы белгилүү журналисттердин бири Улугбек Бабакулов «Фергана» басылмасынын сайтына коомдук желелердеги улутчулдук тууралуу макала чыгарган болчу.

Бирок кыргыз бийлиги президент Атамбаевге карата курч сын-пикир айтып жүргөн Бабакулов өзү улут аралык кастыкты козутуп атат деп чечишкен.

Атайын кызматтар журналист бул макаланы «үчүнчү өлкөлөрдөн» баш паанек алыш үчүн жазган деп эсептешет.

Ошондой эле, сот чечими менен Кыргызстанда «Фергана» басылмасынын сайтына бөгөт коюлду.

Кыргызстандын башкы телеканалы болгон КТРК Бабакуловдун макаласы тууралуу сюжет чыгаргандан кийин ал коомчулукта кызуу талкууга жем таштап, бийликтин көңүлүн бурган. Сюжетте эксперттер журналистти «эл душманы» деп аташып, мындай макалалар «улут аралык кастыкты козутат» деп билдиришкен.

Андан кийин парламенттин айрым депутаттары Бабакуловду жарандыктан чыгарууну сунуш кылышкан.

Бабакулов өзү кылмыш ишинин козголушун «атайын кызматтардын сандырагы жана келесоолугу» деп атаган. Анын оюнча, бийлик мындай аракеттер менен шайлоо алдындагы көйгөйлөрдөн «элдин көңүлүн башка нерсеге бурууга» аракет кылып жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: