Жапаровдун иши: Сот мурдагы депутатты камакта калтырды

Мурдагы депутат Садыр Жапаровдун авдокаты саясатчыны үй камагына чыгарууну өтүндү. Бирок сот Жапаровду камакта калтырды.

Саясатчынын адвокаты Шарабидин Токтосунов түшүндөргөндөй, Жапаров үлгүлүү үй-бүлөчүл болгондуктан жана тергөөдөн качпай тургандыктан аны үй камагына чыгарыш керек.

«Учурда камакта балам менен иним жатат. Эгер мен кааласам, өлкөгө келбей коёт элем. Эми силер мени кубаласаңар да мен өлкөдөн кетпейм», — деди Жапаров.

Мамлекеттик айыптоо Жапаровдун үй-камагына чыгарылышына каршы болду. Кеңешмеден кийин Биринчи май райондук соту Жапаровду камакта калтыруу чечимин чыгарды. Жапаровдун авдокаттары бул чечимди даттанышмакчы. Сот аларга 14-июнга чейин убакыт берди.

Садыр Жапаровдун иши

Мурдагы депутат Садыр Жапаров «Киши өлтүрөм деп коркутуу», «Барымтага алуу», «Ээн баштык» жана «Бийлик өкүлүнө күч колдонуу» боюнча айыпталууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аны 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан өтөөрү менен кармап кеткен.

Тергөөнүн версиясына ылайык, 2013-жылы Жапаров митингдегилерге Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга буйрук берген.

Жапаров кармалгандан кийин анын тарапташтары УКМКнын алдында митинг өткөрүшүп, милиция менен тирешүүгө чейин барышкан.

Тартип сакчылары 100дөй кишини кармашып, аларды административдик жазага тартышкан. Дагы 12 киши, анын ичинде Жапаровдун эки бир тууганы жана уулу, бейбаштык, мүлккө зыян келтирүү жана бийлик өкүлдөрүнө моюн сунбоо боюнча айыпталышкан.

Алардын иши боюнча соттук угуулар ушул күнгө чейин уланууда. Сот аларга карата кандай чечим чыгараары азырынча белгисиз.


ТЕМА БОЮНЧА: