Журналист Бабакулов Кыргызстандан чыгып кетти

Улутчул сөздөр тууралуу макала жазып, үстүнөн кылмыш иши козголгон журналист Улугбек Бабакулов Кыргызстандан чыгып кетти. «Ачык жана адилет соттук териштирүү болгон шартта» өлкөгө кайтып келе турганын коомдук желеде жазып чыкты.

Бабакулов «Фэйсбукта» жазгандай, атайын кызматтар ага каршы кылмыш ишин козгогонго чейин 8-июнда өлкөдөн чыгып кеткен.

Коомдук желелердеги улутчул сөздөр тууралуу «Фергана» басылмасынын сайтына макала жазып чыккандан кийин УКМК аны «улут аралык кастыкты козутуу» үчүн айыптап жатат.

Журналист бийлик анын иши боюнча «адилет» сот өткөрө албайт деп күмөн санайт. Эгерде «адилет соттук териштирүү шартын аткарса» Кыргызстанга кайтып келээрин жазды.

«УКМКдагы мага ою түз болгон адамдар кулагыма шыбырашкандай, мени камоо боюнча көрсөтмөлүү шоу аткарып, кийин түрмөгө камоо тапшырмасы бар экен. Мындай укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча да болгон. Мындай перспектива мага такыр жаккан жок. Жакшы отургандан көрө жаман эле турган жакшы...», — деп жазды Бабакулов.

«Фергана» Бабакулов менен кызматташпай калды

«Фергана» басылмасы журналист менен кызматташуусун тергөө аяктаганга чейин токтотуп турду. Мурдараак сот «Фергана» басылмасынын сайтына Кыргызстандын аймагында бөгөт койгон.

Басылманын оюнча, эми эч ким Бабакуловду да, «Фергананы» да ЖМК аркылуу сотко басым жасоо боюнча айыптай албайт.

Андан тышкары, «Фергананын» редакциясы өз дарегине айтылган айыптоолорго макул эмес жана сайтты бөгөттөө боюнча чечимди сотто даттанмакчы.

«Биз эч качан “улут аралык кастыкты козуткан эмеспиз”, болгону маанилүү коомдук жараяндарды так жазып сүрөттөп чыкканбыз», — делет басылманын билдирүүсүндө.

Алардын оюнча, аларга каршы айыптоолор «ойдон чыгарылган жана саясий түскө ээ».

Бабакуловдун макаласы

Журналисттин макаласы «Фергана» маалымат агенттигинин сайтында «Адамдар айбан сыяктуу. Коомдук желелердин кыргыз сегментинде "сарттарды" жок кылууга чакырып жатышат» деген аталыш менен жарык көргөн.

Макалада автор Жалал-Абад облусунун Масы айылында кыргыздар менен өзбектердин ортосунда чыккан мушташ тууралуу сөз кылат. Журналист макаласында коомдук желелердеги ой-пикирлерди мисал келтирет. Анда ыктымал этникалык кыргыздар этникалык өзбектерди кемсинтет. Кемсинтүүгө ошол мушташ себеп болгон.

Кыргызстандын башкы телеканалы болгон КТРК Бабакуловдун макаласы тууралуу сюжет чыгаргандан кийин ал коомчулукта кызуу талкууга жем таштаган. Сюжетте эксперттер журналистти «эл душманы» деп аташып, мындай макалалар «улут аралык кастыкты козутат» деп билдиришкен.

Андан кийин парламенттин айрым депутаттары Бабакуловду жарандыктан чыгарууну сунуш кылышкан.

Бабакулов өз макаласында улуттар арасынды кастыкты козутуу максаты жок экенин, болгону интернет колдонуучулардын кыргыз сегментинде башка улуттарга кандай мамиледе болгонун көргөзүп жатканын белгилейт.


ТЕМА БОЮНЧА: